Казак прокурору журналист Махамбет Абжанды 11 жылга камоону сурады
![Казак прокурору журналист Махамбет Абжанды 11 жылга камоону сурады](https://gdb.rferl.org/69B597AD-1D53-4424-B014-FCE36381D9F1_w800_h450.jpg)
Астанада журналист Махамбет Абжанга байланыштуу сот отурумунда прокурор аны 11 жылга кесүүнү өтүндү. Бул тууралуу Abzhan News Телеграм-каналы кабарлады.
Анын адвокаты Гүлнар Сулейменова жараяндын жабык өтүп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.
Соттун материалдарына караганда, Абжан "Жалган маалымат таратуу" жана "Опузалоо" беренелери боюнча айыпталууда. Сот өкүмү 3-февралда чыгары айтылды.
2022-жылы 3-июлда кармалган Махамбет Абжан ишкерди опузалап, 50 миллион теңге (180 миң доллар) алууга шек саналып жатканы кабарланган.
Анын алдында Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган.