Акыркы жылдары чет өлкөдөн оор дартына даба издегендер Кыргызстанда арбып барат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 4 миңден ашуун адам чет жактан бөлүнгөн мамлекеттик квота аркылуу дарыланыш үчүн кезекте турат. Мекендештердин көбү Түркия, Индияга он миңдеген доллар каражат издеп барууга аргасыз. Түркиянын Стамбул шаарында медициналык туризм жаатында иш алып барган Асел Курманбекова суроолорго жооп берди.