Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болду
![Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болду](https://gdb.rferl.org/9cc39a21-8c2e-4996-8ebd-aea96ee9e976_cx0_cy5_cw0_w800_h450.jpg)
Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.
Бешимов буга чейин президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы болуп турган.
Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси Асеин Исаев былтыр 31-октябрда кызматтан кеткен. 11-ноябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Бешимов 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмеси менен чыккан. Бирок кызматка дайындалганына байланыштуу партиянын тизмесинен чыгып, шайлоого катышкан эмес. (TAb)