Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Жарыяга ишенип, 30 миң сомдон кол жуудум"

“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө “Адал акча таап берем” дегендерге алданган Султан, тааныш аялга өз атынан насыя алып берип банкка карыз болгон Гүлшан жана милициянын ишине нааразы ардагер Кыдырбек Энкебаев кайрылды.

Бишкек шаарынын тургуну Гүлшан Залкарбек кызы “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө кайрылып, 2019-жылы тааныш аял анын жана сиңдисинин атынан насыя алдыртканын, бирок аны ушул кезге чейин төлөбөй качып жүргөнүн айтып кайрылды. Гүлшан учурда качып жүргөн аялдын күйөөсү кепил болгонун (поручитель) билдирди.

“2019-жылы тааныш аялга өзүмдүн жана сиңдимдин атынан 50 миң сомдон 100 миң сом насыя алып бергенбиз. Ал учурда жаш элек, кредит эмне экенин билчү эмеспиз. “3 миң сомдон берем” десе алданган экенбиз. “Кызым күйөөгө тийди, жеңе төшөгүнө акчам жок болуп жатат” десе эле түшүнүп-түшүнбөй алып бериптирбиз. Ошол боюнча төрт жылдан бери качып жүрөт. Насыя төлөнбөй, үстөгү көбөйүп, иш сотко өтүп кетти деп жатышат. Аялдын күйөөсү кепил болгон (поручитель). Ага айтсам “жумушум жок болуп жатат” дейт. Ушул кредиттен улам башка буюм-тайымдарды да бөлүп төлөө жолу менен ала албайт экенсиң. Аялдын күйөөсү “сотто сени тааныбайм деп коём” деп жатат. Биз алданып калдык”, - деген

Гүлшан Залкарбек кызы жалгыз бой экенин, үч баласы менен батирде турарын кошумчалады.

Юридикалык жардам кызматынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Камчыбек Салихов Жарандык кодекстин 343-беренесинде кепилдик келишими так жазылганына токтолду.

"Эгерде банк сотко кайрылган болсо, карызкор кепил болгон адамды дагы сотко чакыртсын. Жарандык кодекстин 343-беренесинде кепил болуучу менен карызкор толук жооп берет деп турат", - деди ал.

Жарандык кодекстин 343-беренесинин 1-пунктунда Кепилдик келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткаруу милдетин алат деп жазылып турат.

Салихов ушул эле кодекстин 344-беренесинде кепил болгон адамдын жоопкерчилиги да каралганын белгиледи.

344-берене. Кепилдин (гаранттын) жоопкерчилиги

1. Карызкордун кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими (гарантия) менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил (гарант) жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп берет.

2. Эгерде кепилдик келишиминде башкача каралбаса, кепил (гарант) кредитордун алдында карызды төлөтүп алуу боюнча сот чыгымдарынын жана кредитордун карызкор тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан келип чыгуучу башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча проценттерди төлөөнү кошкондо карызкордой эле көлөмдө жооп берет.

3. Эгерде кепилдик келишими тарабынан башкача каралбаса, биргелешип кепилдик беришкен жактар кредитордун алдында чогуу жооп беришет.

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылынын тургуну, ардагер Кыдырбек Энкебаев милиция анын короосуна кирген ууруларды кармоо боюнча ишти токтотуп койгонун айтып, “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө кайрылды. Энкебаевдин айтымында, 2021-жылы декабрда анын короосунан темир буюмдар жана шаймандар жоголгон. Ал башында уурулук беренеси менен козголуп, кийин белгисиз себептен улам токтоп калганын айтууда.

“2021-жылы декабрда Бишкек шаарында көзүмө операция жасатып, үйдө 4-5 күн жок болгом. Келсем сарайдагы буюмдар жок экен. Аймактык милицияга кайрылдым. Кийин Кант районунун милициясына кайрылдым. Үйгө келип эмне буюмдар уурдалганын, көрүп кетишкен. Бирок иш токтоп калды. Кийин Ички иштер министрлигине кайрылдым, алар да убакытты созуп отуруп Чүй облустук милициясына жөнөтүштү. Иш бир жыл, эки айдан бери токтоп турат”, - деди ал.

Энкебаевдин айтымында, ал көп жыл бою мектепте кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеген. Үйүндө чакан өнөрканасында темир-тезектен ал ар кандай буюмдарды жасайт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков Үч-Эмчек айылынын тургуну Кыдырбек Энкебаев короосунан темир буюмдар жана шаймандар уурдалганын айтып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 2022-жылы 24-январда кайрылганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Аталган арыз Ысык-Ата РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган белгилер менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө маалында бөлүмдүн тийиштүү кызматтарына тергөө тапшырмалары берилип, аталган кылмышты жасаган адамдарды аныктоо максатында бир топ ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

2022-жылы 28-мартта бардык тергөө амалдары өткөрүлгөндөн кийин Жазык-процессуалдык кодексинин 246-беренесенин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун талабына ылайык, жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу токтотулган”, - деди ал.

Замир Сыдыков учурда аталган кылмыш иши боюнча Жазык-процессуалдык кодексинин 247-беренесенин талабына ылайык, кылмышты жасаган адамдарды аныктоо үчүн тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Учурда Орусияда иштеп жүргөн Султан Замирбеков социалдык тармактагы “акчаңарды көбөйтүп берем” деген жарыяларга алданып, 30 миң сомунан кол жууганын айтып, кайрылды. Ал башында алданып калам деп такыр ойлогон эмес. Башында 5 миң сом салып, кийин дагы 25 миң сом которгон. Бирок, “акчаны көбөйтүп” берем дегендер каражатты алгандан кийин бардык байланыш номерлерин өчүрүп, байланышка чыкпай калган.

“Алия аттуу кызга алданып калдым. Негизи өзүмдөн дагы кетти. Мындай нерселерге ишенбешим керек эле. Инстаграмда, Телеграмда “адал акча таап берем” деген жарыялардан улам байкап көрөйүнчү деп акча салгам. Шилтеме менен кирсем Телеграм-каналы чыкты. Башында 5 миң сом салдым. Бир сааттан кийин 70-80 миң сомдой таптыңар деди. Картаңардын номерин жибергиле дегенде аны дагы салдым. Кийин картаңа акча которуу үчүн дагы 15 миң сомдой сал деди. Алдайт деген оюм жок болчу. Эртеси дагы 5 миң сомдой сал деди, аны салдым. “Башка картага түшүп калды, дагы 5 миң сом сал” дегенинен аны дагы салдым. Жалпысынан 30 миң сом салдым. Андан кийин “эмне болду, качан түшөт” деп кайра-кайра жазсам эле, Телеграмдан, Инстаграмдан мени өчүрүп, жок болуп кетти. Азыр ошол эле аккаунт Инстаграмда, Телеграмдагы-группаларда жүрөт. Мен го алданып калдым, башка кишилер алданбасын деген максатта силерге кайрылып жатам”, - деди ал.

Султан Замирбеков учурда Орусияда болгондуктан Кыргызстандагы укук коргоо органдарына кайрыла албай жатканын кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды жеңил, тез аранын ичинде киреше убада кылган каржылык пирамидаларга катышпоого чакырган. ИИМ ар кандай каржылык схемаларды алгач талдап, расмий органдардан маалымат сурап, анын чечим кабыл алуу керектигин белгилеген. Аталган министрлик каржы пирамида ишмердүүлүгүнө байланыштуу жүздөгөн факт катталып, алар боюнча материалдык зыян миллиондогон сомго жеткенин билдирген.

“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө 0550 988 755 номери аркылуу Ватсаптан жана Телеграмдан кайрылсаңыз болот. Ошондой эле, 0312 21 94 23 номерине чалып, сунуштарыңызды айтыңыз.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Почти 40 тысяч жителей Подмосковья стали донорами крови с начала года

Территория инноваций подвела итоги работы на ПМЭФ-2024

Дополнительную электричку пустят до Семенова в день «Золотой хохломы»

Стала известна программа фестиваля «СтарТуй»

Музыкальные новости

Победителями первого сезона шоу «Сокровища императора» на ТНТ стали Мария Миногарова и Парур Хачатуров

В Туле завершился V этап культурно-просветительского проекта «Классика: история и современность»

Баскетбол. Чемпионат области. Б/К «Волгодонск» -Б/К «Сальск» 95: 90

США и Европа "подготавливают" Россию и Ближний Восток для переселений?!

Новости России

Доллар дорожает третий день подряд утром 11 июня на белорусской бирже

Вооружённые мигранты пошли толпой на Кремль: "Свадебный подарок" может стать ключом к многолетней проблеме

Свыше половины российских работодателей поощряют трудоголизм

Тульская область получит более 18,4 миллионов рублей на обеспечение льготников лекарствами

Экология в России и мире

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Можно ли прожить без музыки? Дискуссия протагонистов музыкального бизнеса

«В девять лет я уже был очень любвеобильным». Актер Михаил Богдасаров вспомнил детство в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3  

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Спорт в России и мире

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Итальянский теннисист Синнер стал лучшей ракеткой мира в рейтинге ATP

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Рейтинг ATP. Синнер стал №1, Алькарас – №2, Циципас выпал из топ-10, Хачанов – из топ-20, Котов обновил личный рекорд

Moscow.media

Планируем зимний отпуск: мы знаем цену авиаперелета в Дубай на Новый год

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

Каршеринг BelkaCar запустил летний спецпроект «Умные путешествия»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *