Тынчтыкбек Чоротегин: "Азаттык" жабыла турган күндү күтүп келем
![Тынчтыкбек Чоротегин:](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b4d0-08db13f65e9c_tv_w800_h450.jpg)
Сөз эркиндиги жана Кыргызстандын эгемендиги менен “Азаттыктын” бйланышы талашсыз. 70 жылдык тарыхы бар “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири бүгүнкү маектешибиз Тынчтыкбек Чоротегин. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеди. Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин менен Кубат Оторбаев маектешти.