Бразилияда бороон-чапкын коштогон жаан-чачында 50 адам набыт болду
![Бразилияда бороон-чапкын коштогон жаан-чачында 50 адам набыт болду](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-1e88-08db164fda2e_w800_h450.jpg)
Бразилиянын Сан-Паулу штатынын жээгиндеги аймактардан үч жарым миңдей адам коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Ал жакта бороон-чапкын коштогон жаан-чачын 19-февралдан бери кеминде 50 адамдын өмүрүн кыйды.
Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки сел жана жер көчкүдөн улам конуштарды баткак басып, жолдор таштандыга толду. Тоо боорундагы үйлөр зыян тартты.
Сан-Себастяо шаарына жакын Саси айылы олуттуу зыян тартканы айтылууда. Кыштактын 1000ден ашуун тургуну үй-жайсыз калып, айрымдары жакындарын жоготту. Издөө-куткаруу иши уланууда.