Жаштарга чаңгы тебүүнү үйрөткөн байбиче
73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.