Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты
![Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты](https://gdb.rferl.org/c791e743-c74a-430f-89e9-6937167453f7_w800_h450.jpg)
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров кызматтан кетти.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Ал 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп турган. Ага чейин президенттик шайлоо учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун штабын башкарган. 2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабын жетектеген.
Мирлан Бакиров бул кызматты 2021-жылдын март айынан бери ээлеп турду. (TAb)