Фермерлер 1 млрд доллар мөмө сатууну кыялданат
Өткөн аптада Кыргызстанда мөмө жемиштерин өстүрүп, саткан фермерлердин башын кошкон жыйын өттү. Анда өлкөнүн мөмө жемиштерин экспорттоо, жаңы технологияларды пайдаланууда жаатында сөз болду. Жыйналгандар бир эле мөмө аркылуу экспорттун көлөмүн 1 млрд долларга чыгаруу планы бар экенин жарыялашты.