Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоол болсом, Канадага кетүүгө даярмын". Бөлтүрүк президенттен кечирим сурады

Жакында жоюла турган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы, беш айдан бери абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк президент Жапаровго кат жазып, "кечирим жана ырайымдуулук" сурады.

Ал кайрылууда өкмөттө кимдир бирөөгө "тоскоол кылып жатса" Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин билдирип, бирок сөз ким жөнүндө болуп жатканын ачыктаган жок. Бөлтүрүктүн адвокаты Башкы прокуратура “Кумтөр” ишин иликтөөдө эки компаниядан 140 млн. сомдой акча өндүргөнүн айтты. Башкы көзөмөл органы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бөлтүрүк кемчилигин моюнга алды

Тенгиз Бөлтүрүктүн 14-февралда жазган катын анын адвокаты Кайсын Абакиров 27-февралда Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына чыгарды.

Анда Бөлтүрүк президент койгон тапшырманы толугу менен аткара албай калганын билдирип, кетирген катачылыктары үчүн Садыр Жапаровдон "кечирим жана ырайымдуулук сурайм" деп жазган. "Кумтөрдөгү" системалашкан коррупцияны толук жок кылууга алы жетпегенин, бирок өзү бул схемага аралашпаганын айткан.

“Азыр сиз гана (ред: Садыр Жапаров) адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз жана ишенимимсиз. Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз, сизге чынчыл жана ишенимдүү түрдө жардам берүүгө даярмын. Колумдан көп, чоң жакшы нерселер келет. Эгер мен өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын”.

Президент Жапаров жана анын администрациясы азырынча бул кайрылууга жооп бере элек.

Буга чейин да Бөлтүрүктүн өзүнө каршы козголгон кылмыш иши, “Кумтөрдүн” ишмердиги тууралуу бир нече каты жарыяланган. Ал “Кумтөрдү” башкарып тургандагы ишмердиги боюнча отчёт берүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин, коррупциялык иштерге аралашпаганын кайталады.

Бөлтүрүк Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга алууда негизги ролду ойногон адамдардын бири. Ал “Кумтөр” ишканасынын убактылуу башкаруучусу болуп, кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин жетектеген. Бул компания 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу боюнча кат-кат убадаларды берип, бир жылдай иштегенден кийин максатка ылайыктуу эмес деген жүйө менен жоюлмай болду. 16-февралда өкмөт аны эки ай ичинде жоюу тууралуу тапшырмаларды тиешелүү жетекчилерге берди.

Президент Садыр Жапаров былтыр 2-ноябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Бөлтүрүккө "таза иштеңиз" деп эскерткенин айтты:

“Тенгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. “Кумтөр” мамлекеттик ишкана болот. Каражатты оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз” деп “Кумтөрдүн” бир тыйынына да аралашкан эмесмин. Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп бизди ынандырып келген. “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, үч ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Тенгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды”.

“Чыгым кайтарылууда”

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ал эми ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалды.

Адвокат Кайсын Абакиров кылмыш ишин тергөө дээрлик аяктап калганын, Башкы прокуратура мамлекетке келтирилген чыгымды кайтарып жатканын билдирди.

“Казакстандык Apollo Resources компаниясы 1 млн. доллардан (137 568 642 сом) ашык зыянды төлөп берди. Ошондой эле кыргызстандык “ЦентралАзияМеталл” жоопкерчилиги чектелген коом да 20 млн. сомдон ашык материалдык зыяндын ордун толтурду. Тергөөдө “Кумтөр” ишканасы Apollo Resources компаниясына күйүүчү май алуу үчүн 1,5 млн. доллар которгону белгилүү болду. Бирок казакстандык ишкана күйүүчү майды белгиленген убакта алып келген эмес. “ЦентралАзияМеталл” болсо “Кумтөргө” ар кандай жабдыктарды алып келип турган”.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тергөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу чыгымдын ордун толтуруу тууралуу азырынча маалымат берилбей турганын кабарлады.

“Экономикалык кызыкчылыктар көп”

3-февралда Эсеп палатасы “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчёт жарыялаган. Анда “Кумтөр” бул убакыт аралыгында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн. доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн.

Бөлтүрүк кийин адвокаты Кайсын Абакиров аркылуу бул маалыматтарды четке каккан билдирүү таратып, Эсеп палатасынын отчетун “коомдук аң-сезимди манипуляциялоого багытталган” деп сыпаттаган.

“Негизи бул иштен эч ким сабак албайт. Айтты дейсиңер, “Кумтөрдү” азыр башкарып турган адамдар да кийин жоопко тартылат. Себеби, бул ишканада каржылык, экономикалык кызыкчылык көп. Бөлтүрүк өзүнүн катында да "мен бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам" деп жазып атат. Бирок кимге тоскоолдук кылды, кимдин жолун кесип өткөнүн ачык айткан жок. Андай тоскоолдуктар азыр да боло берет. Ушунун баарын тыйыш үчүн мамлекеттик ишкананын жылдык кирешеси мынча миллиард сомдон ашса ал ушул мыйзамдын негизинде, ушундай тартипте, текшерүү менен иштейт деген мыйзам керек. Ошондо гана азыркы каталар кайталанбайт”, - деди жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Бул келишимдерди ишке ашырууга аралашкан Бөлтүрүктө Канаданын да жарандыгы бар. 2021-жылы аны Канаданын Онтарио шаарынын Жогорку сотуна берип, “Центерранын” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда "компания алдында алган жоопкерчилигин бузду" деп айыптаган.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голддун” акыркы келишиминде Канадада  Бөлтүрүккө каршы иштер токтотулары да жазылган.

Эсеп палатасынын отчётунда 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канада-Торонто багытындагы авиабилетин төлөп бергени белгиленген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Назад в крепостное право: пикет на Красной площади прокомментировал Сергей Майоров

Renault Duster, Renault Logan и Peugeot 308 — недорого. Названы самые популярные французские машины с пробегом в России

Вильфанд: температура на 1-2 градуса ниже нормы ожидается в Москве

Три нижегородки борются за победу в конкурсе «Мисс Офис 2024»

Музыкальные новости

В рейтинге развития Тамбовская область за 2023 год опустилась на три места

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

МОК не допустил до Олимпиады сильнейших борцов и тхэквондистов из России

В аэропорту Пулково задержали шесть рейсов и отменили еще один

Новости России

Вильфанд: температура на 1-2 градуса ниже нормы ожидается в Москве

"Ъ": Почту России оштрафовали на 100 млн рублей за задержки в ремонте отделений

Renault Duster, Renault Logan и Peugeot 308 — недорого. Названы самые популярные французские машины с пробегом в России

Участок от «Делового центра» до «Хорошевской» БКЛ временно закроют с 22 июня

Экология в России и мире

Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!

Зубные щетки Revyline Perfect DUO и зубная паста Organic Detox против кариеса в Назрани

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

Modest fashion day 2024

Спорт в России и мире

Людмила Самсонова не отдала голландскую траву // Она продолжила серию российских побед на теннисном турнире в Хертогенбосе

Скачков и Тайлакова выиграли соревнования по настольному теннису на Играх БРИКС

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Moscow.media

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

Чемпионат и Первенство Москвы и Московской области по автокроссу

Храм Преображения Господня в Коммунарке

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *