Бишкек: конуштарды мыйзамдаштыруу оңой эмес
Кыргызстанда жер мунапысы тууралуу жобо чыккандан бери 86 миңге чукул адам арыз жазып, үй салып алган жерлерин мыйзамдаштырууну көздөп жатат. Учурда миң кишинин колуна менчиги тууралуу документ тийген. Өкмөт эки жылда турак жайга кызыл китеп берүү жараянын соңуна чыгара алабы?