ЕЭКке Мамыткановдун ордуна Алишеров министр болду
![ЕЭКке Мамыткановдун ордуна Алишеров министр болду](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-7acf-08db1a4c49f2_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕЭК) министри Максат Мамытканов кызматтан алынып, анын ордуна Элдар Алишеров дайындалды.
Маалымат ЕЭКтин сайтында 1-мартта жарыяланды. Алишеров бул кызматта бажы маселелерин координациялайт.
Ал 1985-жылы туулган. 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразия экономикалык биримдиги боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген. 2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин аяктаган. 2014-2017-жылдары өкмөттүн аппаратында, 2018-2022-жылдары экономика министринин орун басары болуп иштеген.
Максат Мамытканов бул кызматта 2021-жылдын июлунан тартып иштеди. (TAb)