Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт
![Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт](https://gdb.rferl.org/016B159A-3978-4F76-9EF5-A7091FE557D4_w800_h450.jpg)
Кыргызгидрометтин кабарлашынча, 4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй менен Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болушу күтүлөт.