Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Журналисттик этика сакталган". Сот "Азаттыктын" арызын четке какты

7-мартта Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Маданият министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын канааттандырган жок. 

Буга чейин бир нече жолу ар кыл себептер менен улам башка күнгө жылдырылган иш боюнча чечим бүгүн чыгаарын "Азаттыктын" адвокаттары күткөн эмес. Ошентип ишти караган судья Акылбек Досалиев өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу бул жараянды аягына чыгарды.

Министрликтин мыйзамсыз чечими

Бул күнү иштин негизги мазмуну боюнча "Азаттыктын" адвокаттары жоопкер болгон Маданият министрлигинин юристтерине суроо-жообу жана жарыш сөз бир сааттай созулду.

Маданият министрлигинин былтыр октябрдан бери "Азаттыктын" сайтын мыйзамсыз бөгөттөп турганын айткан адвокат Нурбек Сыдыков мыйзам бузууларды белгиледи.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык жалган маалымат деген эмне? Бул адамдын кадыр баркына, аброюна жана иш репутациясына шек келтирген жалган маалымат. Демек, бул мыйзам жеке адамдын же мекеменин кадыр баркына байланыштуу иштейт. Министрликтин сайтты бөгөттөө чечиминде арыз же жалган маалымат болгону көрсөтүлгөн жок. Биз муну сураганыбызда социалдык тармактардагы мониторингден улам чечим чыкканын айтышты. Министрлик сайтты социалдык тармактардагы мониторингдин жыйынтыгы менен бөгөттөөгө уруксат берген укуктук актыларды көрсөтүшү керек. Мыйзамда мындай укук жок”, - деди адвокат.

"Азаттыктын" сайты эмнеге бөгөттөлгөн?

Акыркы отурумда "Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлиги өлкөдөгү алдыңкы маалымат каражаттарынын биринин сайтын убактылуу жабууда бир нече эреже бузулганы жөнүндө айтканын жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсек.

Министрлик "Азаттыктын" сайты "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамдын талабына ылайык бөгөттөлгөнүн жүйө кылууда. Бирок адвокаттардын айтымында, бул мыйзамдын 3-беренесинде жалган маалымат таратууга шектелген маалымат каражатынын сайты кайсы бир адам же уюмдун арызынын негизинде гана бөгөттөлөт. "Азаттыкка" каршы эч бир адам же уюм жалган маалымат таратып жатат деп арызданган эмес.

Маданият министрлиги "Настоящее Время-Азия" каналынын былтыр 16-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды чагылдырган түз эфирин себеп кылып, өз алдынча "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн. Маданият министрлиги бул чечим социалдык тармактарда өз алдынча жасалган мониторингдин жыйынтыгы менен кабыл алынганын кабарлады. Бирок соттук териштирүүнүн жүрүшүндө министрлик мониторинг же кандайдыр бир экспертиза жүргүзүлгөнү тууралуу далил келтирген жок.

"Журналисттик этика сакталган"

Маданият министрлигин юристи Фархад Ажыбаев "Настоящее Время-Азия" каналынын эфири бир жактуу болгонун айтып чыккан эле. Бирок соттук териштирүү маалында Маданият министрлигинин өкүлдөрү аталган көрсөтүүнү даярдоодо журналистик этика, бейтараптуулук сакталагынын, бирок тажик тараптын маалыматын берүүдө эмоциалдык жактан үстөмдүк кылган деген жүйөнү келтирди. Министрликтин өкүлү Зарина Калмуратова журналисттик этика сакталганын кайталады.

“Мен дагы бир жолу айтам журналистик этика сакталган – ал жакта тажик жана кыргыз тарап дагы берилген. Кыргыз тараптан аянта (ред: Ала-Тоо аянты) сүйлөп тажик тарап баштады деп жатат. Бирок, тажик тарап басымдуу болуп кеткен”, - деди Калмуратова.

Министрликтин өкүлдөрү социалдык тармактардагы мониторингдин жыйынтыгы менен чечим кабыл алуу укугу бар экенин белгилешип, бирок сайтты бөгөттөө документтинде аны көрсөтпөй калышканын моюнга алышты.

Жарыш сөздө “Азаттыктын” адвокаты Нурбек Сыдыков министрлик сайтты жабууга негиз кылып жаткан материал жөнүндө эксперттик жыйынтыктар жок экенине токтолду.

“Маданият министрлигинин өкүлү дагы журналистикалык этика сакталган деп жатат. Кайсы бир тарап басымдүү болду же болгон жок деген баалоо болуп калат. Мисалы, биз ишенимдүү маалымдадык десек, кимдир бирөө алар ишенимдүү маалымат берди деп эсептейт. Бирок, мыйзамда кайсы бир тарап басымдуу болуп калса сайтты бөгөттөө деген жобо жок. Бул жерде баалоо болушу үчүн эксперттик жыйынтык керек”, - деди жактоочу.

Дал ушундай маанайда өткөн жыйындан соң судья Акылбек Досалиевдин чечими көпкө күттүргөн жок. Ал “Азаттыктын" министрлик чечимине каршы арызын четке какканын жарыялады. "Азаттыктын" адвокаттары бул чечимдин негизсиз экенин айтып, Бишкек шаардык сотуна кайрылууга даярданып жатат.

Соңку мезгилде "Азаттыктын" сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү, ага байланышка соттук процесстер өлкө күн тартибиндеги негизги темалардын бири болууда. Буга чейин бир өлкөдөгү бир катар саясатчылар, журналисттик коомчулук, жарандар, эл аралык уюмдар "Азаттык" туш болгон акыркы кырдаалды басым катары сыпаттап, чочулоолорун билдирген.

"Фейк" мыйзамы фейктерге каршы иштеген жок"

26-октябрда Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. "Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Бир катар жергиликтүү медиа эксперттер "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүү, ага өзгөртүүлөр киргизилгенче сайттарды бөгөттөөгө мораторий киргизүү сунушун айтып келишет. Алар бул мыйзам башынан эле фейк маалыматтан коргоо эмес, сынчыл көз караштагы маалымат каражаттарына каршы курал катары кабыл алынганын белгилешет.

Журналист Аскер Сакыбаева бул мыйзамды таптакыр жокко чыгаруу керек деп эсептейт.

“Мыйзам кабыл алынардын алдында эркин медиаларды чектейт деп айтып келдик. Көп жолу какшап айттык, эч ким уккан эмес. Бийлик бул мыйзамды депутаттар аркылуу күч менен акыры кабыл алдырган. Эми анын жемишин көрүп жатабыз. Бул ашыкча мыйзам. Журналисттердин ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамдар бар. Эгерде ошол мыйзам бузулган учурда журналисттерди жоопкерчиликке тартса болот. Жоопкерчиликке тартылган журналисттер бар. Ал эми бул мыйзам ашыкча болуп калды”, - деди ал.

“Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат. Быйыл эле ушул мыйзамды жүйө кылым Маданият министрлигине өлкөдөгү "Клооп" (Kloop) жана “ПолитКлиника" басылмаларынын сайтын бөгөттөө боюнча арыздар түштү.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Бул мыйзамга ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө.

Министрликтин “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү Бишкектин Ленин райондук сотуна каралууда. Ушул тапта “Азаттыктын” банк эсептери боюнча дагы сот иштери уланып жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Россия подомнет под себя осколки Евросоюза: БРИКС становится стержнем многополярного мира

Найден новый «Москвич-412», простоявший в гараже с 1991 года

Хитрый ход. Зачем одна из стран НАТО собралась в БРИКС

Еженедельный вестник катастроф

Музыкальные новости

В Fortnite прибудет группа Metallica и новый режим

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого гражданина в ранее совершенной краже

В Москве пройдет Форум социального предпринимательства

Росгвардия приняла участие в спортивном празднике «Динамо» в Москве

Новости России

Хитрый ход. Зачем одна из стран НАТО собралась в БРИКС

СК: на Кубани мужчина вошел в чужой дом и ударил ножом 12-летнего подростка

За первые три дня Игр БРИКС сборная России завоевала 160 медалей

Роман Костомаров поучаствовал в боксерской тренировке в Москве

Экология в России и мире

Волосы не выпадают, они стали гуще, а на лице разгладились морщины. Затрачивать можно 5 минут на массаж затылка, лба и головы

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Более 340 тыс. кв м асфальта отремонтировали во дворах Подмосковья

Спорт в России и мире

Кирилл Скачков из Новокузнецка стал победителем Игр стран БРИКС-2024

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Карен Хачанов проиграл Вукичу во втором круге турнира ATP-250 в Хертогенбосхе

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина

Moscow.media

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Молодые специалисты «Газпромнефть - Битумные материалы» продемонстрировали эффективное решение в финале «CASE-IN»

Прощайте, я от вас улетаю

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *