АФК Кубогу: кыздар командасынын жеңиши
![АФК Кубогу: кыздар командасынын жеңиши](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-4923-08db1ff76f60_cx3_cy7_cw92_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы АФК кубогунун тандоо турундагы алгачкы оюнунда Гуам аралдарын 2:0 эсебинде жеңди. Беттештеги голдорду Аделя Ахматбекова менен Медина Рысбекова киргизди. Мелдеш ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. Кыргызстандык кыздар эми 10-марта Австралия курам командасы менен беттешет.