Софиядагы советтик жоокерлердин эстелиги көчүрүлөт
![Софиядагы советтик жоокерлердин эстелиги көчүрүлөт](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8880-08db2075b8e8_w800_h450.jpeg)
Болгариянын борбору Софиядагы советтик жоокерлердин эстелиги калаанын башка тарабына көчүрүлөт. Шаардык кеңеш ушундай чечим кабыл алганы 10-мартта кабарланды.
Эми мэр Йорданка Фандакова талаштуу эстеликти калаа борборунан бир нече чакырым алыска - Социалисттик искусство музейи турган жерге көчүрүү тууралуу администрацияга өтүнүч жолдошу керек.
Эстелик азыр шаардын борбордук паркынын жанындагы муниципалдык жерде жайгашкан.
Ал 1954-жылы Советтик армиянын урматына тургузулган. Сынчылар эстеликти "пропагандалык максатта курулган" деп эсептешет.
София шаардык кеңеши 1993-жылы аны бузууга добуш берген, бирок бузулган эмес.
Февраль айында эстеликтин фасадынын айрым жерлери талкаланган. Аны көчүрүү маселеси ошол окуядан кийин көтөрүлдү.