Министрлик “Мекен-картка” документтерди кабыл ала баштайт
![Министрлик “Мекен-картка” документтерди кабыл ала баштайт](https://gdb.rferl.org/4A0F3607-27BB-45BE-8353-E034955965AF_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 13-марттан тарта “Мекен-карт” алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталарын билдирди. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.
“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек.
“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.
Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт. Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган. (BTo)