Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт
![Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт](https://gdb.rferl.org/F6BC62DF-7174-4C59-BE31-96DE8FE4046A_cx0_cy11_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 18-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Өрөөндөрдө, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 4…9,
Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° болот.