Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кемпир-Абад иши: абактагыларды бошотуу талабы жаңырды

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын жакындары сот адилеттигин, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып нааразылык акциясын өткөрүштү.

“Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун катышуучулары абактагыларды бошотуу, тергөөнү калыс жүргүзүү талабын коюшту. Алар убактылуу кармоочу жайдагылардын көбүнүн ден соолугу начарлаганын, ооруканада дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын айтышты.

Акцияга чыккандардын талабы

17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагында өткөн нааразылык акциясына 200гө чукул киши чогулду. Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтары уюштурган “Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Анда “Азаттык”, Kaktus.media, “ПолитКлиника” жана бардык эркин медиага басымды токтотуу, Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темировдун кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуп, толук актоо талабы жазылган.

Абакта жаткан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун кайнатасы Аман Эсенкулов мындай деди:

“Булардын болгон күнөөсү – чындыкты айтып койгону. Ушунун айынан беш айдан ашык убактан бери абакта жатышат. Абактагылардын алды ооруп, ден соолугунан ажырады. Жакындары, үй-бүлөсү азап тартууда. Бийликке, сотторго абакта жаткандарды чындык үчүн боштондукка чыгарсын деп кайрылам”.

Митингге чыккандардын акциясы Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагында өткөнүнүн да жөнү бар. Сот март айынын аягына чейин шаардын борбордук бөлүгүндө акция өткөрүүгө тыюу салган. Камактагылардын жакындары январь айынын ортосунда ушундай эле талаптар менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына акцияга чыгып, Горький гүлбагына баратканда милиция 30 чактысын кармап кайра коё берген.

17-мартта акцияга чыккандардын бири Абдрахман Базарбаев:

“Эч кандай тергөө жүрбөй жатат. Тергөө башында эмне десе ошону эле кайталап отурат. Ачык сот болгон жок. Тергөөчүлөр күнөөсүн далилдеп бере албады. Аларда эч кандай далил да жок. Кыйнап эле камакта кармап отурат”.

“Абактагылар дарыланууга муктаж”

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар 16-мартта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго, укук коргоо уюмдарына кайрылып, аларга “ооруканада дарыланууга шарт түзүлбөй жатат” деп арызданышкан.

Кайрылууда Асия Сасыкбаеванын, Гүлнара Журабаеванын, Рита Карасартованын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жатканы айтылат. Жакында эле ооруканада операция болгон Клара Сооронкулованын, Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганы белгиленген. Мындан тышкары Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланды.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болуп ооруканада жатат.

“Садыр Жапаров, сиз бийликке келгенде “саясий куугунтук болбойт” деп айттыңыз эле. Азыр абакта отургандарды куугунтук кылгыдай алардын кылмышы да жок. Эл-жерди сүйүү эмне кылмышпы? Жер берилбесин деген кылмышпы? Жериңе кошунаң бир метр кирип кетсе, ичиң ачышып каршы сөз айтат го. Эми силер көздөгөнүңөргө жеттиңер. Берилчү жер берилди. Азыр эми адамдын убалына да карагыла. Кемпир-Абад боюнча абакта жаткандардын артында мага окшогон ата-энеси, балдары ыйлап отурат. Мындайды сиз да (Садыр Жапаров-ред) өз башыңыздан өткөргөнсүз”, - деди Улукбек Маматаевдин апасы Ирсалат Абдуразакова.

Кемпир-Абад иши боюнча ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында.

“Бийлик соттордун ишине кийлигишпейт”

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” жана камалгандардын жакындары сот адилеттигин талап кылып утур-утур бийликке кайрылып турат.

Мындай билдирүүлөргө президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жооп берди:

“Бийлик бир да сот ишине кийлигише элек. Анткени президент Садыр Жапаров катуу көзөмөлгө алып “сотко телефон да чалбагыла, эшигине да басып барбагыла” деп айткан. Ошондуктан бийликте отургандардын бири да сот ишине кийлигишпейт. Ал тарапта кандай иш болуп атат, сот кандай карап атат силерде кандай маалымат болсо бизде деле ошондой”.

Январда ИИМ Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгон. Ушундан улам соңку ирет шектүүлөрдүн бөгөт чаралары жабык каралып, жакындары, журналисттер да сотко киргизилген жок.

Жакында эле Бишкек шаардык соту “жашыруун” грифин койгон ИИМдин тергөөчүсүнө каршы адвокаттардын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Эми соттор ачык болот, эгерде иш боюнча мамлекеттик сырлар болсо ошондо гана жабык өтөт.

Кыргызстандын тарыхында эң көп саясатчы, укук коргоочу, активисттер жапырт кармалган окуя тууралуу президент Садыр Жапаров бир нече жолу комментарий берген. Былтыр декабрда ошондой билдирүүлөрүн биринде буларга токтолгон.

“Биринчиден, “Кемпир-Абадды коргоо комитети” деп атап алгандардын жеткен акылы ошол болсо, башкасын айтпай эле коёюн. Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90% жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен”.

Соттун ачыктыгы, кылмыш ишинин чоо-жайы

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүнүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Шаардык сот чечимдерди күчүндө калтырды.

“Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан бир топ жарандарды камашып, эл аз экен, буларды колдогондор жок экен дегендей саясатты жүргүзүп буларды мыйзамсыз кармап отурушат. Андай саясат туура эмес экенин бийлик өкүлдөрүнө эскертип коёюн деп келдим. Башында да ушундай саясат жүргүзгөн Акаев азыр кайда? Көп түкүрсө көл болот. Эгер 26 жарандын өкүлдөрү ар тараптан чыкса, көл эмес деңиз болуп кетиши ыктымал. Анда бийлик өзүнүн ким экенин билбей калат. Камалгандардын көбүн билем, алардын бардыгы Кыргызстандын патриоттору, биринин да төңкөрүш жасайын, тополоң чыгарайын деген ою болгон эмес. Болгону Кемпир-Абад берилбесин деп гана өздөрүнүн жарандык, патриоттук сезиминин негизинде чыгышкан атуулдар болчу”, - деди мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаков.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Россиянин ограбил дочь на миллион, приехав поздравить ее с рождением ребенка

​Из-за массовой драки пассажиров в Перми на 40 минут задержали отправление поезда

За невыполнение ремонта своих отделений Почту России оштрафовали на 100 млн рублей

Сменить «Автодор» на автозак: громкий приговор по делу о коррупции при строительстве ЦКАД

Музыкальные новости

В Пензе стартовали соревнования по по мотокроссу на Кубок главы города

Российские компании придерживаются собственного подхода в ESG

Иерей Александр Туховский: Очень нужна помощь!

Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: Учащиеся Гурульбинской школы восхитились мастерством жонглирования, игрой с хула-хупами, иллюзионистами цирка Бурятии

Новости России

Путин выразил надежду, что его новая встреча с Ким Чен Ыном пройдет в Москве

Юрист Крохин рассказал, что в случае затопления авто в подземном паркинге ответственность несет управляющая организация

26 лет скрывался от суда: в Челябинске поймали боевика из девяностых

Сменить «Автодор» на автозак: громкий приговор по делу о коррупции при строительстве ЦКАД

Экология в России и мире

Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!

Prada, коллекция menswear весна-лето 2025

Где реально можно купаться летом в Москве и Подмосковье: 8 пляжей которые оборудованы для летнего отдыха

Зубные щетки Revyline Perfect DUO и зубная паста Organic Detox против кариеса в Назрани

Спорт в России и мире

Теннисистка Самсонова вышла в финал турнира в Хертогенбосхе

«Ну и где здесь «группа смерти?» ATP показала, каким был бы Евро-2024 с теннисистами

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Moscow.media

Кинотеатр GOS-FILM: твой гид в мире фильмов

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

Башенный комплекс "Ний" (Ингушетия)

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *