Уулун сабаган ата бир айга камалды
Чүйдө 12 жаштагы баланы өз атасы денесинде соо же калтырбай сабаган окуя коомчулуктун нааразылыгын туудурду. Бир эмес бир нече жолу ур-токмокко кабылганы айтылган баланын атасы бир айга камакка алынды. Ал арада Ошто да үч жашар баланын өлүмүн милиция териштирип жатканы маалымдалды.