Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Кулакчындан улам укпай калды". Угуусу начарлаган балдар

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ушул тапта бир миллиарддан ашуун жаштар кулакчындан катуу музыка угуунун айынан укпай калуу коркунучуна кабылганын билдирди. 

Окумуштуулардын болжолунда 2050-жылга чейин дээрлик 2,5 миллиард адам тигил же бул даражада угууда кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн. Кеминде 700 миллион адам угуусу начарлап, дарыланууга муктаж болот.

Кыргызстанда кулак угуусу начарлап кеткендердин так статистикасы жок. Бирок балдар арасында бул көйгөйгө кабылгандар жыл сайын көбөйүп жатканын дарыгерлер маалымдашты. Анткен менен мамлекеттик ооруканаларда балдардын угуусун аныктаган бир эле дарыгер-сурдолог иштейт.

Аймактардан угуусунан кыйналгандар борборго агылууда

Бишкектеги Спорттук-реабилитациялык борбордо сурдологго таң заардан кезек күткөндөр, жаш балдарын жетелеп, көтөрүп алып келгендер көп.

13 жаштагы Амина апасы Назгүл менен Токтогулдан бир күн мурда келип, кезекке турушкан. Саат онго чукул гана дарыгерге кире алышты.

Аминанын апасы кызынын кулагы укпай жатканын алты жашында байкаганын айтып берди.

"Бала телевизор көрүп жатканда жакын барып эле кулагын тосуп калат экен. Ушул өзгөчөлүгүн алты жашында байкадык. Биринчи жылы Токтогулдагы райондук бейтапканага алып барсак, кулагына кулку толуп калыптыр деп жууп беришти. Кызымдын кулагы айыгып кеткен жок. Дагы деле телевизордун түбүнөн кетпей койгондо кайра бейтапканага барсак, "Бишкекке, сурдолог-дарыгерге барып көрүнгүлө" деди. Токтогулда жок экен. Бул жакка келип текшертсек, бир кулагы толук эле укпайт дешти. Ошондон бери шаарга үч ай сайын каттап турабыз. Кулагына массаж жасап, атайын дарыланышы керек, анын баарын айылда кыла албайбыз. Атайын жабдуулар айылда жок, биз сыяктуу балдарынын кулагы жакшы укпай кыйналгандар айланамда, мен жашаган аймакта аябай эле көп экен. Алар да кыйналып, Бишкекке келип, диагностика өтүүгө мажбур. Анан калса, мамлекеттик ооруканаларда өлкө боюнча бир эле сурдолог бар тура. Ошого келген сайын ушинтип кезекте турабыз, жок дегенде райондук борборлордо бирден сурдолог-дарыгер болуп, баланын угуусун текшерген аудиограмма, массаж кылчу жабдуулар болсо элге жеңил болмок", - дейт Назгүл.​

Республикалык деңгээлде жалгыз сурдолог 

Амина сыяктуу угуусунан жабыркаган балдарды кабыл алып, диагноз койгон өлкөдө эки гана мамлекеттик оорукана жана балдардын адистешкен бир эле сурдологу бар.

Анын бири - Салыйбүбү Калыбаева бир күндө норма боюнча ар бир балага 45 мүнөттөн убакыт бөлүп, тогуз гана бейтапты көрүшү керек. Бирок ал күнүнө кеминде 20 баланы көрүүгө аргасыз.

"Республика боюнча мен жалгыз сурдологмун. Бир нече ирет Саламаттыкты сактоо министрлигине бизге кошумча адис керек деп кайрылганбыз. Азырынча кошумча дарыгер жок. Балдардын угуусун текшерген менчик медициналык борборлор бар. Бирок баланы мектепке, бала бакчага бөлүштүрө келгенде баары бир ата-эне расмий орган катары бизге кайрылууга аргасыз. Эне жана баланы коргоо борборунда деле кулактын угуусун скрининг кылат, бирок ал жакта ымыркайлар гана каралат. Бир сурдолог Кыргызстанга жетет деп, илгери Советтер Союзу учурунан бери эле жалгыз иштеп келем. Мурда кулагынан көйгөйү болгон балдар аз болчу. Жылдан-жылга алар көбөйүүдө. Айрыкча өнүгүүсү кечеңдеген, жүрүм-турумунда проблемасы бар балдарды психиатр, дефектолог, логопеддер бизге биринчи жиберип угуусун текшерет. Кыргыз ата-энелер баланын угуусуна анча маани бербей, көп учурда убакыттан уттуруп жиберишет. Бала өзүнүн жаш курагына жараша тили чыкпаса,  "атасынын деле тили кеч чыккан" деген сыяктуу шылтоолорду айтышат. Анан бизге 5-6 жашында араң келишип, кулагы такыр укпайт экен деген диагнозду угуп, нес болуп калышат. Кээде мени менен уруша кетишет. Угуу жөндөмү пайыз менен эсептелет. 50-60% угат деген -  бир кулагы такыр укпайт дегенди билдирет. Кээде 80% укпай келгендер болот. Анан бизде көрүүсү начар болсо, элибиз уялбай көз айнек тагынып жүрө беришет. Угуусу начар экен, кулагына аппарат тагалы десек эле чалкасынан кетишет". 

Балдарда кулактын укпай калуусунун башкы себептери:

Кош бойлуу кезде эне жугуштуу оору менен ооруса;

Менингит, пневмония сыяктуу оор инфекциялык дарттар;

Баш мээден алган ар түрдүү жаракаттар;

Кулакчынды узак убакыт тагынуу;

Угуусунан тубаса майыптыгы бар болуу.

Кулакчындан жабыркагандар 

Акыркы мезгилде балдар кулакчын менен көпкө жүргөндүктөн да угуу жөндөмүнөн ажырап калган учурлар болууда. Ушундан улам Салыйбүбү Калыбаева телефонго кулакчынды туташтырып угууну  чектөө керектигин сунуштайт: 

"Кулакчынды тагынуунун да өз эрежеси болот. Убакытты чектегенди билбей жатышат. Мага бир өспүрүм кыз келди, ал бассейнден чыгып эле кулагына кулакчын тагып алып үйүнө чейин келген. Бир кулагы толугу менен дүлөй болуп калды. Андай учурда бейтапты дароо ооруканага жаткырып, дарылайбыз. Азыр угуусу 50%  көтөрүлбөгөн абалда жүрөт. Эми өмүр бою ушул диагноз менен калат. Дагы бир өспүрүм бала Ысык-Көлгө барган экен, сууга түшүп чыгып алып, Бишкекке жеткиче кулакчындан музыка угуп келиптир. Анын да кулагы укпай калып, бизге келгенде угуу жөндөмүн толук сактап кала алдык, себеби убагында кайрылды. Бизде көп учурда эл кулакка маани бербейт, угуу жөндөмүнө караганда көзгө көп көңүл бурулат. Кулак деле көз сыяктуу аябай маанилүү орган экенин унутуп коюшат".

Кулакчынды колдонуу жана угуу саламаттыгы боюнча кеңештер

Кулакка башына пахта оролгон таяк, катуу, учтуу нерселерди тыкпаш керек.

Кулакчындарды башка бирөө менен чогуу колдонбош керек, себеби кулакчын аркылуу жугуштуу оору жугушу мүмкүн.

Кир сууда сүзгөнгө же жуунганга болбойт.

Музыканы катуу коюп алып угууга болбойт.

Кулакчын менен уктаса болбойт.

Кулакчын менен иштеген адамдар ар бир эки саатта кулакты эс алдырып туруш керек.

Кулакчындан жабыр тарткандар өспүрүмдөр арасында эле эмес, чоңдор арасында да болуп жатканын Спорттук-реабилитациялык борбордун сурдолог-дарыгери Махира Орузаева белгиледи. Анын тажрыйбасында катуу чыккан музыкадан улам да кулагы жакшы укпай калгандар кездешкен: 

"Кулактын ичинде бизде ички кулак, же үлүл деп аталган жука зат бар. Кулакчын менен музыка же аудиону көпкө чейин укканда, же добушу катуу музыка укканда алар чыңалып, баш мээге белги берет да угуу жөндөмүн аткарган нерв клеткалары иштебей калат. Адатта бизге кайрылгандар "кулагымда бир нерсе тургандай болуп жатат", же кандайдыр бир дыңылдаган үн чыгууда деп келишет. Чоңдор көбүнчө оорусун өткөрүп ийип, угуу жөндөмү аябай эле начар болгондо дарыгерди эстеп жатышат. Эгер ошол белгилер пайда болгондо эле келсе, алардын угуу жөндөмүн сактап калууга болот. Дайыма үн менен иштеген кесиптин ээлеринде да угуу көйгөйү болот. Бизге операторлор, үн режиссерлор да келишет".

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2050-жылга чейин ар бир он кишинин биринин угуусу начар болорун божомолдоп жатат.

Кулагы укпай майып болуп калгандардын дээрлик 80% жакыр өлкөлөрдүн тургундары.

Дарыгерлердин айтымында, баладагы кулактын угуусун анын сүйлөө жөндөмүнөн байкаса болот. Угуу көйгөйү убагында аныкталбаса, сүйлөө речи да өнүкпөйт, жүрүм-туруму начар болуп, окуудан да кыйналат. Кулагы начар уккандар коомдо дискриминацияга учурап, татыктуу айлык-акысы бар ишке орношо албайт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Юрист Крохин рассказал, что в случае затопления авто в подземном паркинге ответственность несет управляющая организация

За невыполнение ремонта своих отделений Почту России оштрафовали на 100 млн рублей

Ефимов: Четыре логистических центра построят по программе комплексного развития территорий

Сменить «Автодор» на автозак: громкий приговор по делу о коррупции при строительстве ЦКАД

Музыкальные новости

Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебные башмачки Элли» - эта постановка создана по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города»

Футбольный фестиваль «ЦСКА — Все сюда!» провели в Одинцове

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

Новости России

Гайдаровские чтения в Архангельске объединят библиотекарей страны и региона

Брянская спортсменка стала призёром чемпионата России

В России выходит новый Chery Tiggo 7 Pro Max. От старого 1,5-литрового мотора окончательно отказались

26 лет скрывался от суда: в Челябинске поймали боевика из девяностых

Экология в России и мире

Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя

Доктор Кутушов: не стоит носить кроссовки в жару

Gucci, коллекция menswear весна-лето 2025

Три спектакля о любви, которые можно посмотреть этим летом

Спорт в России и мире

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Лучший теннисист Казахстана узнал позицию в обновленном рейтинге ATP

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Moscow.media

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

В центре Орла машина сбила двух пешеходов

В МЧС объяснили появление пожарных у театра "Теремок"

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *