Боом капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун адам тартылды
![Боом капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун адам тартылды](https://gdb.rferl.org/3EA07F60-DFDC-4BE3-909E-9FE7ED91EAA6_w800_h450.jpg)
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында ачык талаада өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда.
Ошондой эле Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган.
Социалдык тармактарда колдонуучулар Боом капчыгайындагы өрттүн сүрөт, видеолорун жарыялап жатышат. Алардын айтымында өрт куурайды, куураган жыгачтарды күйгүзгөндөн чыккан. (КЕ)