Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Түркиянын Гандиси" Эрдоганды ээрден оодарабы? 

14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Буга чейин эки президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Режеп Тайып Эрдоган кайрадан шайлоого бел байлады

Өлкөдөгү алдын ала сурамжылоолор Кылычдароглунун рейтинги өсүп жатканын көрсөтүүдө.

Оппозиция Эрдоганга каршы бирикти

Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. Альянстын атынан Эрдоган 21-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өттү.

Ошол эле маалда Элдик эркиндик партиясы (HKP) Эрдогандын талапкерлигин жокко чыгаруу үчүн БШКга арыз менен кайрылды.

Партиянын жоопту катчысы Саит Кыран президент кызмат абалын кыянаттык менен колдонуп жатканын айтууда. 

"Эрдогандын чыныгы диплому жок. Муну тастыктай турган эки күбө бар. Алардын бири партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдуллатиф Шенер, экинчиси Жогорку билим берүү мекемесинин (YÖK) мурдагы жетекчиси Юсуф Зия Өзжан. Конституциянын 101-беренесине ылайык, ал президенттикке талапкер боло албайт. Эгерде Эрдогандын талапкерлигин кабыл алышса, анда жасалма документи расмий домумент катары көрсөтүп кылмыш кылган болот. Буга БШКнын мүчөлөрү да шериктеш болорун ачык айталы. Өз милдеттерин кыянаттык менен пайдаланууда".

Оппозициячыл партиянын адвокаттары "Эрдоган үчүнчү мөөнөткө шайланууга укугу жок, университеттен алган диплому да жасалма" деп жүйө кылып, 31-январда Анкара шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Бирок 8-мартта сот "айыпталуучунун уруксатысыз анын документтерин текшерүүгө мүмкүн эмес" деген чечим чыгарган.

Белгилей кетсек, президенттин расмий сайтында ал 1981-жылы Стамбул шаарындагы Мармара университетинин экономика факультетин ийгиликтүү аяктаганы жазылган.

Президенттик шайлоого эки айдан аз убакыт калган маалда алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдарогулунун талапкерлигин көрсөттү. 74 жаштагы саясатчы шайлоодо утуп чыкса алты партиянын лидерлери вице-президент макамын аларын убада кылды.

Негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери - Кемал Кылычдароглу. Ал партияны 13 жылдан бери жетектеп келет.

Буга чейин Улуттук элдик партиядан (MHP) чыккан, кийин "Жакшы партияны" (İyi) курган Мерал Акшенер.

Улутчул идеологияны көздөгөн Saadet партиясынын лидери Темел Карамоллаоглу.

2007-жылы курулган "Демократия" партиясынын жетекчиси Гүлтекин Уйсал.

Бийликтеги АК партиядан бөлүнүп чыккан (АКР), өкмөттө бир канча жыл министр болуп иштеген, учурда DEVA партиясынын лидери Али Бабажан.

2019-жылы Gelecek партиясын түптөгөн, мурунку премьер-министр Ахмет Давутоглу.

Бул лидерлердин бирдиктүү талапкер чыгарууга байланыштуу сүйлөшүүлөрү оңой-олтоң болгон жок. Оболу Кылычдароглунун талапкерлигинин көрсөтүлүшүнө "Жакшы партиянын" төрайымы Мерал Акшенер каршы чыккан.

Мурдагы ички иштер министри Акшенер президенттикке Стамбул жана Анкаранын мэрлерин көрсөтүүнү сунуштаган. Ал Кылычдароглу президент болуп калса, Анкара менен Стамбулдун азыркы башчылары вице-президент болуп дайындалат деген талап менен гана көндү. 

2018-жылы президенттик шайлоодо Эрдогандын оппоненти болгон Мухаррем Инже да бул ирет талапкерлигин коёрун ачыкка чыгарды. Ал 27-мартка чейин БШКга 100 миң шайлоочунун колун топтоого милдеттүү.

"Түркиялык "Ганди""

Эл арасында Кемал Кылычдароглуну Махатма Гандиге түспөлдөштүгүнөн улам "Ганди Кемал" деп да коюшат.

2016-жылдан бери Германияда бозгунда жүргөн журналист Жан Дүндардын The Washington Post басылмасына жазган макаласында, 2010-жылы Кылычдароглу партия жетекчилигине шайлангандан көп өтпөй эле "Ганди" деген атка конгонун жазды. 

2017-жылы Кылычдароглунун орун басары, журналист Энис Бербероглу өкмөттүн беделине шек келтирген документтерди ачыкка чыгарды деген жүйө менен 25 жыл эркинен ажыратылганда, оппозиция лидери баш калаа Анкарадан Стамбулга 450 чакырымдык жөө жүрүшүн баштаган.

Оппозициянын 25 күндүк бул "Адилеттик жүрүшүнө" он миңдеген адам катышкан.

Ошол эле учурда дин темасы шайлоодо Кылычдароглу үчүн кедергисин тийгизиши мүмкүн. Анткени ал Түркиядагы алавит азчылыгынын мүчөсү экенин ачык айкын билдирип келет.

Алавиттер Түркияда кылымдар бою кодулоого туш болуп келишкен. Талдоочулар Эрдоган бийликте турган 20 жыл ичинде саясат менен диндин ортосунда дайыма тиреш болуп келгенин белгилейт. Шайлоочулар бул жолу өлкөдөгү экономикалык ооручулукту жоюу маселесине көбүрөөк кызыкдар болушу ыктымал.

Сурамжылоолор эмне дейт?

Февралдагы катуу жер титирөөгө чейин экономикалык каатчылык, улуттук валюта - лиранын арзандашынан улам Эрдогандын бедели кыйла түшүп кеткен. Бийлигин үчүнчү он жылдыкка узартууну көздөгөн президент июнь айындагы майрамдарга туш келбесин деп, шайлоону май айына жылдырарын буга чейин айткан эле. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул жолку добуш берүү ал үчүн чоң сыноо болмокчу.

MAK Danışmanlık аналитикалык изилдөө борборунун жетекчиси Мехмет Али Кулат Habertürk басылмасына берген маегинде, соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча шойлоочулардын 46% Кылычдароглуна, 42% Эрдоганга добуш берүүгө камынып турганын билдирди.

Ал эми жергиликтүү AR-G изилдөө борборунун 14-мартта жарыялаган акыркы сурамжылоосуна ылайык, 14-майдагы шайлоонун жыйынтыгы экинчи айлампада чечилиши мүмкүн. Анда Кылычдароглу 46,2%, Эрдоган 43,1% добуш алары божомолдонот.

"Эрдоган шайлоодо дайыма алдыда болчу, оппозиция добушун көбөйтүүгө аракет кылып келген. Эми сурамжылоолордо оппозиция озуп чыкты, Эрдоган добуштарын көбөйтүүгө аракет кылууда. Бул динамикага соңку 20 жылда биринчи жолу күбө болуп отурабыз",- деп билдирди журналисттерге Istanbul ekonomi изилдөө компаниясынын жетекчиси Жан Селчуки.

Белгилей кетсек, Эрдоган 2014-жылы президенттик шайлоодо 51, 79%, 2018-жылы 52, 59% добуш алган.

Ал арада соңку шайлоодо 11% добуш менен парламентке кирген күрттөрдүн ири партиясы – “Элдик демократиялык партия" (HDP) 22-мартта шайлоодо Кылычдароглунун талапкерлигин колдорун ачыкка чыгарды. Анкара бул саясий топтун “Күрттөрдүн жумушчу партиясы” (ПКК) менен байланышы бар деп эсептейт.

Түркиянын Диярбакыр шаарында Ноорузду майрамдаган, партиянын мүчөсү Ахмет Түрктүн "бул мезгил, Өжаландын боштондукка чыгуу мезгили" деген сөзү коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Бийликтеги партиянын мүчөлөрү, күрт саясатчынын бул сөздөрүн "адепсиз" деп сыпатташууда.

"Күрт жумушчулар партиясынын" (ПКК) лидери Абдулла Өжалан 1999-жылы "куралдуу террористтик уюмду түзүү жана жетектөө" беренеси менен өлүм жазасына тартылган. Кийин анын жазасы "өмүр бою эркинен ажыратуу" менен алмаштырылган.

Өлкөнүн түштүк чыгышындагы аймактарда 12-15 миллион күрт отурукташканы айтылып келет.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Балашихе откроют новый детский сад

Экс-мундепа из Москвы Кетеван Хараидзе отпустили из СИЗО под домашний арест

Фестиваль туризма для детей провели активисты «Движения Первых» в Видном

Движение авто через ж/д переезд в Мытищах будет закрыто с 19 июня

Музыкальные новости

Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!

В аэропорту Пулково задержали шесть рейсов и отменили еще один

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

Новости России

Победителя молодежного первенства по футболу определят в Видном в октябре

Протесты в Армении и перспективы российско-армянских отношений

В Балашихе откроют новый детский сад

Девушка-пешеход погибла на нерегулируемом переходе на юго-востоке Москвы

Экология в России и мире

Компания ICDMC презентовала свой первый уникальный БАД

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Modest fashion day 2024

Токсиколог Кутушов назвал признаки теплового удара и правила первой помощи

Спорт в России и мире

Скачков и Тайлакова выиграли соревнования по настольному теннису на Играх БРИКС

Людмила Самсонова не отдала голландскую траву // Она продолжила серию российских побед на теннисном турнире в Хертогенбосе

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже

Moscow.media

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

На Азина рухнул расселенный дом







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *