Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Forbes: Назарбаевдин жакындары дагы байыды

Forbes: Назарбаевдин жакындары дагы байыды

Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмесин жарыялады. Сап башына Louis Vuitton компаниясынын жетекчиси Бернар Арно чыгып, рейтингди алгачкы жолу Франциянын жараны баштап калды. Ал эми бир жыл мурун дүйнөнүн эң бай адамы аталган Илон Маск экинчи орунга түшкөн. Дүйнөдөгү байлардын катарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн казакстандыктар гана бар. Алардын көбү мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакындары.

Байлардын акчасы 500 миллиардга азайды

Быйыл акциялар төмөндөп, үстөк пайыздардын көбөйүшүнөн улам дүйнөдөгү эң бай адамдардын акчасы азайып кеткен. Мисалы, 2022-жылы Forbes журналынын тизмесине илинген 2668 миллиарддердин акчасы 12,7 триллион доллар деп эсептелген. Быйыл эң бай адамдардын саны 2640 болуп, акчасы 12,2 триллион доллар болгон. Бул деген бир жыл ичинде алардын капчыгы 500 миллиард долларга жукара түштү дегенди түшүндүрөт.

Америка Кошмо Штаттары дагы эле эң көп миллиардери менен мактана алат. Океандын ары жагындагы 735 адамдын байлыгы 4,5 триллион доллар деп эсептелди. Кытайдагы (Гонконг, Макаону кошкондо) 562 миллиардердин акчасы 2 триллионго жетсе, индиялык байлардын топтогону 169 миллиард доллар деп айтылууда.

Арнонун акчасы көбөйүп, Илондуку азайды

Ааламдагы эң бай адамдардын башкы сабына быйыл Louis Vuitton жана Christian Dior люкс бренддеринин кожоюну Бернар Арно чыкты. Ошентип Forbes журналы түзгөн рейтингди биринчи жолу Франциянын жараны жетектеп калды. Ал бир жыл ичинде 53 миллиард доллар киреше таап, жалпы байлыгы 211 миллиард долларга жеткен. Анын акчасы соңку беш жыл ичинде эселеп өскөнүн көрүүгө болот. Мисалы, 2018-жылы Арнонун топтогону 71 миллиард доллар болчу.

Ал эми электр автоунааларын чыгарган "Tesla" компаниясынын башчысы Илон Маск бир жыл мурда дүйнөнүн эң бай адамы деп саналса, быйыл экинчи орунга түшкөн. Мунун себеби катары Twitter компаниясын сатып алганы айтылып жатат. Илондун бар байлыгы 180 миллиард доллар деп эсептелди. Бул былтыркыга караганда 39 миллардга аз.

Илон Маск сыяктуу эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун акчасы да бир топ азайыптыр. Ал 114 миллиард доллары менен Forbes тизмесиндеги алгачкы үчтүктү жыйынтыктайт.

Безос 2021-жылы дүйнөнүн эң бай адамды деп табылган. Буга 2020-жылдагы пандемия маалындагы интернеттеги соода-сатык себеп болгон.

Oracle компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон төртүнчү орунга ээ болду. Бул киши 1986-жылдан бери Forbes журналынын тизмесинен түшпөй келет. Анын бар байлыгы 107 миллиард долларга жеткен.

Бешинчи орунда дагы бир америкалык ишкер Уоррен Баффет келе жатат. 92 жаштагы Баффеттин акчасы 106 миллиард долларга жеткен. Былтыр анын топтогону 118 миллиард доллар деп эсептелген.

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс быйыл алтынчы катардан орун алды. Forbes журналы узак жылдардан бери дүйнөнүн эң бай адамы аталып келген Гейтстин байлыгын 104 миллиард доллар деп эсептеди.

Аял миллиардерлер көбөйдү

Forbes журналынын акыркы рейтингине ылайык, дүйнө жүзү боюнча 337 аял миллиардер катталган. Бул былтыркыга караганда 10 адамга көп дегенди билдирет.

L’Oreal косметикалык компаниясынын 33 пайызына ээлик кылган франциялык Франсуаза Беттанкур-Майерс үч жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай аял деп табылды. Анын тапканы 80,5 миллиард доллар деп эсептелди. Беттанкур-Майерс Forbes журналынын жалпы тизмесинде 11-орунду ээлеп турат.

Ал эми аялдардын ичинен экинчи орунду алган Жулия Кохтун байлыгы 59 миллиард доллар экени белгилүү. Анын күйөөсү Дэвид Кох 2019-жылы көз жумган. Жулия Кох Koch Industries компаниялар тобунун 42% акциясына ээлик кылат.

Ал дүйнөдөгү үчүнчү аял деп Элис Уолтон табылган. Анын байлыгы 56,7 миллиард доллар экени айтылды.

Миллиардер аялдардын дээрлик төрттөн үчүнө байлык мурас катары келген. Ал эми калган 28% өзүн өзү жасагандар деп эсептелет. Арасында ырчы Рианна (1,4 миллиард доллар) жана америкалык реалити-шоунун актрисасы, фотомодель Ким Кардашян (1,2 миллиард доллар) бар.

Казакстан: Кулибаевдер байып, Ким менен Утемуратовдун акчасы азайды

Борбор Азия боюнча Forbes журналына Казакстандын байлары гана илинген. Бул жерден теги өзбекстандык Алишер Усмановду эстешиңиз мүмкүн. Бирок ал Forbes журналына Орусиянын атынан илинген.

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына Казакстандан алты адам кирди. Алардын сап башында 62 жаштагы Владимир Ким турат. Жалпы рейтингде 591-орунду ээлеген Кимдин акчасы 4,3 миллиард долларга бааланды. “Казахмыс” жана “KAZ Minerals” компанияларынын акцияларына ээлик кылган Кимдин акчасы былтыркыга караганда азайып кеткен. Бир жыл мурда анын байлыгы 5 миллиард доллар деп эсептелип, Forbes журналынын 552-орунунда турган.

Forbes журналынын маалыматында, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы 55 жаштагы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү 56 жаштагы Тимур Кулибаевдин капиталы миллиард долларга көбөйгөн. Өткөн жылы жубайлардын ар биринин кирешеси 3,8 миллиард долларды түзсө, быйыл басылманын маалыматы боюнча 4,3 миллиард долларга жеткен. Алар рейтингдин 636-орунун бөлүшөт.

Kaspi Банктын кожоюндарынын бири 53 жаштагы Вячеслав Кимдин капиталы бир жыл ичинде дээрлик эки эсе өстү.

Өткөн жылы анын байлыгы 2 миллиард долларды түзсө, быйыл 3,6 миллиард долларга жетти. Ким рейтингдеги 1513-орундан 787-орунга көтөрүлдү.

Freedom Holding брокердик компаниясынын жетекчиси, былтыр Казакстандын жарандыгын алган Орусияда туулган 35 жаштагы Тимур Турлов 1292-орундан 949-орунга көтөрүлгөн. Анын байлыгы былтыр 2,4 миллиард доллар, быйыл 3,1 миллиард доллар деп бааланган.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевге жакын адамдардын бири 65 жаштагы Булат Утемуратов рейтингде 1096-орундан 1104-орунга түшүп кеткен. Forbes анын байлыгынын 2,8 миллиарддан 2,7 миллиард долларга чейин төмөндөгөнүн аныктаган.

Forbes журналынын тизмесине кирген казакстандыктардын көбү экс-президент Нурсултан Назарбаевге жакын адамдар же анын жакындары. Алардын дээрлик көбү Назарбаев бийликте турганда байыган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Как якутяне в составе Группы советских войск в Германии обеспечивали безопасность СССР

Рядом с пляжами находится 50 новостроек Москвы

На стройплощадке Ленинградской АЭС досрочно завершено устройство котлована под здание реактора энергоблока 8

Следовавший из Зырянки в Якутск самолет вернулся в аэропорт из-за неисправности

Музыкальные новости

«Всю жизнь я зарабатывал пением и… легким аферизмом». Прохор Шаляпин раскрыл источники дохода в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3    

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого гражданина в ранее совершенной краже

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Новости России

Как якутяне в составе Группы советских войск в Германии обеспечивали безопасность СССР

На стройплощадке Ленинградской АЭС досрочно завершено устройство котлована под здание реактора энергоблока 8

Следовавший из Зырянки в Якутск самолет вернулся в аэропорт из-за неисправности

5 мест, где можно вкусно позавтракать в Москве

Экология в России и мире

Лучшие образы на лето, от которых захватит дух

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Новый ирригатор Revyline RL 610 Green Dragon уже в продаже в Норильске

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом

Спорт в России и мире

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе

Сафиуллин не смог пробиться во второй круг турнира ATP в Штутгарте

Соболенко и Димитров вместе потренировались на «Уимблдоне»

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Moscow.media

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Ученые создали «умные» капсулы для мониторинга здоровья

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *