Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуду

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуду

7-апрелдин таңында Израил Ливандагы жана Газа тилкесиндеги буталарга сокку урду. Бул артында ХАМАС радикал тобу турат делген ракеталык чабуулдарга жооп экени айтылды. Ага чейин Ливандын аймагынан Израилга 34 ракета атылган эле.

Чыгыштагы кырдаал Иерусалимдеги Ал-Акса мечитиндеги окуядан кийин курчуп кетти. Аймактагы Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрү абалды "өтө олуттуу" деп баалап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Ливандын аймагынан атылган 34 ракетанын 25ин Израилдин абадан коргонуу күчтөрү жок кылып, дагы бешөө ар кайсы районго түшкөнүн Тель-Авив билдирди. Израилдин түндүгүндөгү калктуу аймактарынан ракетанын калдыктары табылды. Расмий органдар эки жаран жаракат алганы кабарланды.

Израилдин жарандык авиация башкармалыгы өлкөнүн түндүгүндөгү аба мейкиндигин бардык жарандык каттамдар үчүн убактылуу жапты.

"Биз жарылуунун жана сиренанын үнүн уктук. Менин үйүмдүн жанынан өтүп бараткан машинага ракета тийип, бирок жарылган жок. Качып кетип, кайра келсем жарадар болгон бир киши бар экен", - деп айтып берген Фассута шаарынын тургундарыны бири Reuters агенттигине.

Ливан тараптан Израилди мындай масштабдуу аткылоо 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери боло элек болчу. Анда Израил армиясы менен Ливандагы радикал “Хизбулла” кыймылынын кагылышуусу бир айга созулган эле.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен чукул жыйын куруп, арессияга жооп кайтарылат деп билдирди. 

"Храм тоосундагы абалды өзгөртүүгө аракет кылып жатабыз. Биз кырдаалды жөнгө салууга чакырабыз жана ал жерде зордук-зомбулук көрсөткөн экстремисттерге каршы чечкиндүү чараларды көрөбүз. Башка фронттордогу бизге каршы агрессияга келсек, душмандарыбызга сокку урабыз, агрессия кылгандар жооп берет".

Израил армиясы ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактардагы 10 бутага, анын ичинде Ливандын Тир жээгиндеги палестиналык качкындардын Рашидие лагерине жакын жерге чабуул койгонун билдирди.

Ракеталардын бири Ливандагы жай тургундун үйүнө келип тийген. Ливандын расмий өкүлү Reuters агенттигине жабыркагандар жок экенин билдирди.

"Түндө уктап жатканбыз, күтүлбөгөн жерден катуу үн угулду. Ойгонсок, чатыр үстүбүзгө кулай баштады. Бул жерде менин бир туугандарым уктап жатышкан. Эшикке чуркап чыктык. Тегерегибизде топурак сапырылып, таштар учуп баштады", -деди Израил армиясы аткан ракета тийген үйдүн ээси ​Мадж ал-Омар.

Кабарларга караганда, Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында да катуу жардыруулар болду. Анткени Израил ХАМАСтын курал-жарак алып өткөн өтмөктөрүн бутага алганын билдирди.

"Биз ооз ачалы деп жатканбыз. Анан эле үч-төрт жардырууну угуп калдык. Мен дароо эки жаштагы кызымды алып качтым. Эки жакты карасам, бүт талкаланып калыптыр. Машинем да жарабай калды", - деген Газа тилкесинде жашаган тургун.

Израил бутага алган Газа секторун радикал “ХАМАС” кыймылы башкарат. 6-апрелде кыймылдын башчысы Исмаил Хания Ливанга иш сапары менен барган.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчуп кетишине Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айланасында палестиналыктар менен Израил полициясынын кагылышы себеп болду. Аймактагы Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрү абалды "өтө олуттуу" деп баалап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Куралдуу кармаш мусулмандардын ыйык Орозо айына жана жөөттөрдүн Песах майрамы белгиленип жаткан маалга туш келди.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Пять новых автобусов вышли на маршруты «Мострансавто»

Начался суд над Гершковичем. Рябков призвал США обратить внимание на сигналы России по обмену заключенными

«Райффайзен Банк» объявил об уходе из России

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends

Музыкальные новости

Мурино лидирует среди городов России по самой высокой концентрации студий

Начались съемки сериала “Три сестры” с Ларисой Гузеевой, Павлом Деревянко и Юлией Александровой

Сергей Лёвкин: в Градостроительном комплексе открыли набор на целевое обучение

Запад в истерике: как Путин посетил Вьетнам и Северную Корею

Новости России

Загоравший на детской площадке москвич напал на женщину из-за замечания

К Путину на переговоры прилетел президент Конго. Чем любопытна эта страна?

В Лобне пройдут мастер-классы по экстремальным видам спорта

Москвичей предупредили о дождях и усилении ветра 26 июня

Экология в России и мире

На Мальдивы – со скидкой

Dior, кутюрная коллекция осень-зима 2024

Дарсонваль: что это, в чём польза, против угрей, выпадения волос и себореи

СберСтрахование застраховала крупные предприятия на Урале почти на 2 трлн рублей

Спорт в России и мире

Путинцева в Бирмингеме завоевала третий титул WTA в карьере

Российские теннисисты подпишут декларацию о нейтралитете для участия в Уимблдоне

Россия — первая по теннисным отказникам! Почему сразу девять наших сказали «нет» Олимпиаде в Париже

Хуркач о реванше со Зверевым: «В голове сидел тот матч в финале United Cup»

Moscow.media

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Не мигранты, а соотечественники. Чудовищные данные МВД

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *