Бишкекте канализация үчүн жер казып жаткан жаран топурак басып каза болду
![Бишкекте канализация үчүн жер казып жаткан жаран топурак басып каза болду](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f95c-08db38c235c7_cx0_cy14_cw0_w800_h450.jpg)
Ленин районунун Мурманск көчөсүндө 8-апрелде канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан эки жаранды топурак басып калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 31 жаштагы киши кырсык болгон жерден каза болгон. Куткаруучулар экинчи жабырлануучуну "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Кырсыкка кабылгандар кайсы бир мекеменин кызматкерлериби же өз алдынча иштеп жаткандарбы, азырынча белгисиз. (КЕ)