Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жаңы-Өзөн: мунайчылардын талабы аткарыла элек

Жаңы-Өзөн: мунайчылардын талабы аткарыла элек

14-апрелде Казакстандын борбору Астанадан Мангыстау облусуна кайтып барган мунайчылар Жаңы-Өзөндөгү "Өзенмунайгаз" ишканасынын алдында акциясын улантышты.

Жүздөгөн митингчилер талаптары аткарылмайынча тарабай турганын айтышты.

"Астанадан аман-эсен үйгө кайттык. Конкреттүү чечим кабыл алына элек. Калган жигиттер Астанадан келгенче, чечим кабыл алынганга чейин "Өзенмунайгаздын" имаратынын алдында турабыз", - деди мунайчылардын бири.

Бир күн мурун алар Астанадан Маңгыстауга кайтып баратканда темир жол станцияларынын биринен ушул эле талап менен видеокайрылуу жасашкан эле.

10-апрелде "Берали Маңгыстау" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.

11-апрелдин кечинде Астананын полициясы мангыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Маңгыстауга жөнөтүлгөн. 

"КазМунайГаз" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 мунайчы Астанада калганы маалымдалган.

Талаптарын күткөн мунайчылар

Бейшембиде сүйлөшүүлөр башталганы менен жыйындын жыйынтыгы тууралуу маалымат айтыла элек.

Cүйлөшүүлөрдү күткөн мунайчылар аларга протоколдун берилбегенине нааразы болушту. "КазМунайГаздын" өкүлү Бакдаулет Төлөгөнов "протокол аларга берилет" деп, бирок качан берилерин тактаган жок.

14-апрелде "КазМунайГаз" компаниясы мунайчылар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат таратты.

Анда ""БерАли Мангыстау" компаниясынын мурдагы кызматкерлери "Өзөнмунайгазга" жумушка орноштурууну талап кылышкан. Бул талапты аткаруу мүмкүн эмес, анткени жумушка 9 миң адам кезекте турат" деп айтылат.

Ошол эле учурда митингчилер подрядчы компаниялар менен узак мөөнөттүү келишим түзүүнү талап кылышкан. "КазМунайГаз" келишимди "3+2" схемасы боюнча иштеп чыгууга даяр экенин билдирди (үч жылдык келишим, ага кошумча 2 жылга узартылышы мүмкүн). Муну менен казак компаниясы эмгекти коргоо жана уюштуруу, бирдиктүү тарифтик-квалификациялык аныктаманы колдонуу жана тендердик жол-жоболор боюнча көз карандысыз комиссия түзө баштаарын билдирди.

"Эки жылдан бери бир эле кассета ойноп жатат"

Деген менен жумушчулар бирдиктүү чечимге келе албай, алданып калганын айтышууда. "КазМунайГаздын" өкүлдөрү менен жолугушууда мунайчылардын бири 11-апрелде камакка алуу учурунда аларды "спецназдын ур-тепкисине калганын" айткан.

"Поездде кетип бара жаткан жигиттердин бири кан сийип жатат, бирөөнүн бөйрөгү ооруп, дагы бирөөнүн көзү көгала. Эки жылдан бери бир кассета эле ойноп атат. Биздин талаптар боюнча эч кандай өзгөрүү жок. Жетекчилер менен жолугабыз дешти, бирок алардын орун басарлары гана келди", - дейт видеодо сүйлөгөндөр.

Астанада калган жаңыөзөндүк 10 мунайчынын бири Кайрат Космаганбет да үч күн мурун аларды атайын күчтөр сабап салышканын "Азаттыктын" казак кызматына айтты.

"Атайын ыкчам аракет отряды (СОБР) келгенде уруп-сабоо болду. Ал эми милиция бөлүмүнө баргандан кийин андай кысым болгон жок. Ошол учурда атайын күчтөрдүн аракетинен жабыркагандар болгон. Январдагыдай эл мындан да толкуп, башаламандыкка барбасын деген ой менен бир пикирге келип, биз менен кошо келген элди айылга жөнөтүп, өз салымыбызды коштук. Жетекчилер талаптарыңарды аткарабыз дегенден кийин элден суранып айылга жөнөттүк", - дейт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан мунайчылардын бири.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Мендолла Шамуратов "мунайчыларды кармоо учурунда ур-токмокко алынган" деген маалыматты четке какты.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Какие церковные праздники отмечаются 16 июня

Пробыл час: Чернышев приходит на могилу Заворотнюк каждые выходные

Филипп Киркоров, Люся Чеботина, SHAMAN – 25 ярких звезд в Открытой студии «Авторадио» на «Премии МУЗ-ТВ 2024»

Mash: число госпитализированных в Москве с ботулизмом выросло до 18 человек

Музыкальные новости

Джиган и Оксана Самойлова привели на “Премию Муз-ТВ” в Москве ту самую “диско-бабушку из Сыктывкара” – любимицу Сергея Лазарева

Путин рассказал, как уговаривал одного из братьев Тихоновых покинуть зону СВО

Биометрии расширяют границы // Подтвердить персональные данные станет проще

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Новости России

Андрей Рублев, Карен Хачанов и Людмила Самсонова не выступят на Олимпийских играх в Париже

если дома нелюди конечно все можно вурнар набрали быдл полицию

Испепеляющая жара до + 38 градусов идет на Россию, совсем скоро: Вильфанд рассказал о жарком месяце

СК: в Туве вынесли приговор по делу о групповом изнасиловании мальчика

Экология в России и мире

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Dior Resort 2025

Спорт в России и мире

Российские теннисисты выступят на Олимпиаде в Париже

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Карен Хачанов проиграл Вукичу во втором круге турнира ATP-250 в Хертогенбосхе

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»

Moscow.media

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Гроза роскошных седанов от BMW и Mercedes-Benz. История Fiat 130

Храм Преображения Господня в Коммунарке

Прощайте, я от вас улетаю







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *