Бишкекте айт намаз эски аянтта окулат
![Бишкекте айт намаз эски аянтта окулат](https://gdb.rferl.org/84C995BE-5CC8-4CA1-9DBD-BE2B916353D6_w800_h450.jpg)
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Бишкекте Орозо айт намазы эски аянтта окуларын билдирди. Ага ылайык, иш-чара 21-апрелде таңкы сат 6да башталат жана бир саат дин аалымдарынын баяндамасы болот. Андан кийин муфтий Замир Ракиев сөз сүйлөп, баяндама жасайт.
Айт намаз 07.30да окулат.
Орозо 23-мартта башталган жана мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.