Кемпир-Абад иши: Тергөө эмнеге создукту?
![Кемпир-Абад иши: Тергөө эмнеге создукту?](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-d0a8-08db40e850bd_tv_w800_h450.jpg)
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы талкууга түштү. Оор айып менен алты ай мурун абакка түшкөндөрдүн айрымдары үй камакка чыгарылса, көбү камакта калды. 19-апрелде активист Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылды. Соттун соңку чечимдери эмнеден кабар берет?