Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет
![Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет](https://gdb.rferl.org/BB0EA6CC-8A82-40E0-8763-C43B693E669E_w800_h450.jpg)
Ажылык сапарга барчулар 26-апрелден тартып жугуштуу оорулардын эки түрүнө каршы эмдөөдөн өтө башташы керектигин бүгүн 24-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) эскертти.
Маалыматта айтылгандай, менингитке каршы төрт компоненттүү “ACYW 135” жана сасык тумоого каршы “Гриппол” вакциналарын 26-апрелден 8-майга чейинки аралыкта алуу зарыл.
Буга чейин муфтият ажылыкка бара тургандарга кайрылып, COVID-19 оорусуна каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификат талап кылынарын, өтпөгөндөр ажылыктын тизмесинен чыгарыларын эскерткен.
Быйыл ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат. Сауд Арабиясы Кыргызстанга бул жолу 6110 орун берген. (RK)