Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иликтөө боюнча суроо-жооп

Иликтөө боюнча суроо-жооп

Окурмандарга бул татаал окуяны түшүнүүгө жардам берүү үчүн биз Хабибулла Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү тууралуу суроо-жооптордун тизмесин түздүк.

Биздин иликтөөбүз Хабибулла Абдукадырга, анын үй-бүлөсүнө, алардын Борбор Азия чөлкөмүндө жана анын сыртында саясий байланыштары бар күчтүү инвесторлорго кантип айланганына арналат.

Аймактын лидерлери аларды кучак жайып тосуп алышууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алардын Ташкенттин так ортосундагы курулуштарын кыдырса, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аларды инвестор катары "кол чаап" тосуп аларын билдирди.

Бул окуялар коррупция, арам акчаны адалдоо жана Абдукадырлардын көмүскө соода монополиясы тууралуу резонанстуу журналисттик иликтөөлөрдөн кийин орун алып жатат.

Окурмандарга бул татаал окуяны түшүнүүгө жардам берүү максатында биз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн жана анын ишмердиги тууралуу суроолордун жана жооптордун тизмесин түздүк.

1. Хабибулла Абдукадыр жана анын туугандары деген кимдер?

Абдукадырлар - Кытайдан чыккан этностук уйгурлар. Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү бир нече өлкөнүн жарандыгын алган. Алардын Алматыда, Лондондо, Дубайда жана Вашингтондун четинде кыймылсыз мүлктөрү бар.

Үй-бүлөнүн башчысы Хабибулла Абдукадыр - төрт бир туугандын улуусу. Ал тууралуу буга чейинки Борбор Азиядагы коррупция, арам акчаны адалдоо жана саясий калкалоо тууралуу иликтөөбүздө айтып бергенбиз.

Абдукадырлар компаниялардын эл аралык түйүнүн түптөп, ал компаниялар аркылуу булагы күмөн жараткан каражаттарды инвестиция катары салышат. Бул ишканаларда үй-бүлөнүн мүчөлөрү, анын ичинде Абдукадырдын бир туугандары, алардын балдары жана башка жакындары ар кандай үлүшкө ээ.

Абдукадырдын жакын туугандары Хадир, Палван жана Айбибула деген сыяктуу бир нече фамилияларды колдонушат. Биз бул иликтөөдө аталган үй-бүлөгө байланышкан бардык адамдарды Абдукадырлар деп атайбыз. Анткени бизнес империянын лидери - бул Хабибулла Абдукадыр.

2. Буга чейинки иликтөөлөр Абдукадырлардын байлыгынын булактары боюнча эмнелерди аныктаган?

2019-жылы Кытайда туулган уйгур тектүү Айеркен Саймаити журналисттер менен байланышып, Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын адалдаганын айтып берген.

Саймаити өз сөзүн бышыктоо үчүн көптөгөн документтерди берип, бул үй-бүлөнүн башчысы Хабибулла Абдукадыр аны дүйнө жүзүндөгү банк эсептерине жүз миллиондогон долларларды которуу үчүн жалдаганын билдирген. Мындан тышкары аталган каражаттардын булагы - коррупциялашкан чиновниктер менен өнөктөштүккө негизделген ыктымал аткезчилик империясы экенин айтып берген.

Саймаитинин айтымында, Абдукадырлар ири көлөмдөгү кытай товарларын Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жана андан ары башка өлкөлөргө сатуу үчүн жөнөтүп, жүз миллиондогон доллар киреше көргөн. Ал Абдукадырларга кыргыз бажысындагы жогорку даражалуу аткаминер жардам бергенин да айтып берген. Саймаитинин маалыматын башка булактардан ырастаган журналисттер, бажы кызматынын төрагасынын (мурдагы) орун басары пара үчүн мекемени дээрлик Абдукадырлардын көзөмөлүнө өткөрүп бергенин таап чыгышкан. Алардын жүгү тоскоолдуксуз өтүп, атаандаштары болсо бут тосууга дуушар болгон.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун, OCCRP жана “Клооптун” 2019-жылдагы “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсүндө айтылган. Журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыгышкан. Биздин 2020-жылы жарыяланган “Матраимов падышалыгы” деген иликтөөбүздө Абдукадырларга жардам берген кыргыз бажысынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу сөз болгон.

Хабибулла Абдукадырга расмий айып тагылган эмес. Ал мурдагыдай эле журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Бирок бул жолу алардын үй-бүлөсүнүн почта дарегинен иликтөө боюнча суроолорго жооп кийинчерек берилет деген кат келди.

3. Хабибулла Абдукадыр аткезчилик схемасын уюштурган жана бажычыларды паралаган деп шек саноого эмне негиз боло алат?

Абдукадырлардын акчасын адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаити бул схема кандай иштегенин кеңири айтып берген. Анын сөздөрүн башка булактар, анын ичинде мурдагы жана азыркы бажычылар, экс-министр, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тастыктаган. Алар аталган схемага Хабибулла Абдукадыр, же болбосо анын үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн компаниялар катышканын айтып берген.

Абдукадырлар журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес жана айыптоолорду расмий четке каккан жок.

Иликтөө жарыялангандан кийин Абдукадырдын кыргыз бажысындагы өнөктөшү Райымбек Матраимов коррупциялык иштерди жана Кытайдан Өзбекстанга жана Тажикстанга бараткан жүк ташуучу унаалардын бажыдан өтүүсүн тездеткени үчүн “сый акы” алып жүргөнүн мойнуна алган.

Ага чыккан сот чечиминде схеманын бенефициары Хабибулла Абдукадыр болгону айтылбайт. Бирок андагы маалыматтар, мисалы, бажы пункту жана сөз болуп жаткан мезгил - иликтөөдө айтылган маалыматтарга дал келет.

2020-жылы декабрда АКШ Матраимовго каршы санкция салган. Расмий маалыматта Абдукадыр жөнүндө айтылган эмес, бирок Матраимов ыктымал аткезчилик схемасына катышканы тууралуу бул маалыматта сөз болгону буга чейин айткандарыбызды тастыктап бере алат.

4. Абдукадырлардын компаниялары аткезчилик менен алектенгени расмий тастыкталды беле?

Биз Абдукадырлардын компанияларына таандык жүктөрдүн бажыда тоскоолдукка туш болгону тууралуу бир нече гана учурларды билебиз.

Кытайдын бажысы бул үй-бүлө көзөмөлдөгөн Xinjiang Abu Sahiy Import and Export Trade Co. компаниясына декларацияланбаган жана контрафакт товарларды ташып баратканы үчүн беш жолу айып салган.

2016-жылы Казакстандын соту Абдукадырлардын компаниясы Кытайдан Өзбекстанга ташылып бараткан товарларга туура эмес документтерди көрсөткөн деген чечим чыгарган.

Биздин билишибизче, бул учурлар тергөөнүн башталышына негиз болгон эмес жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келген эмес.

5. Абдукадырлардын акчасы сыртка чыгарылганына кандай далилдер бар?

Саймаити журналисттерге байланышка чыкканда, анын айтымында, өзүнүн иш берүүчүсү Хабибулла Абдукадыр үчүн сыртка чыгарып кеткен каражатка байланыштуу көптөгөн документтерди берген. Ал акча которууларды негиздөө үчүн колдонгон жеке жазууларды, таблицаларды, жасалма келишимдерди, ошондой эле транзакциялардын түп нускасын, банктын тастыктамаларын жана квитанцияларды өткөрүп берген.

Журналисттер Саймаити айтып жаткан сумманын болжол менен жарымына далил боло алган документтердин аныктыгын ырасташкан. Далилдер көз карандысыз булактардан да табылган:

"Азаттык" радиосунун журналисттери соттун өтүнүчүнүн негизинде Саймаитинин документтериндеги көптөгөн транзакцияларды тастыктаган банктык жазууларды ала алган.

Эл аралык иликтөөчү журналисттердин консорциумуна Саймаитинин күмөн жараткан ондогон акча которуулары тууралуу көзөмөлдөөчү банк кызматкерлери АКШнын Каржы министрлигине жиберген беш отчету тийген.

Биздин иликтөөдөн кийин кыргыз парламентинде түзүлгөн депутаттык комиссия Саймаити өлкөдөн ири суммадагы акча чыгарганын, анын көлөмү журналисттер ойлогондон да көп экенин тастыктаган. Комиссия Саймаити Хабибулла Абдукадыр менен “иштегенин”, адалданган акчанын булагы Ташкенттеги “Абу Сахий” базары экенин, аталган базар аткезчилик схеманын акыркы чекити болгонун да белгилеген.

6. Кимдир бирөө жазаланганбы?

Биз иликтөөлөрдүн алгачкы бөлүгү жарыялангандан кийин Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бул схемаларга аралашканына нааразы болгон кыргыз жарандары акцияга чыгышкан. Матраимов колдоо көрсөткөнү кабарланган саясий партия парламенттик шайлоодо экинчи орунду алгандан кийин өлкөдө ири нааразылык тутанып, анын натыйжасында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Матраимов коррупция боюнча айыптарды мойнуна алган жана АКШнын санкцияларына туш болгон.

Кыргыз парламенти түзгөн комиссиянын маалыматына ылайык, немис тергөөчүлөрү кыргыз бийлигине кайрылып, Саймаитиге таандык компания тууралуу маалымат сурашкан. Балким, алар Саймаитинин Абдукадырлардын Германиядагы фирмаларына акча которууларын текшерген болушу мүмкүн. Текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланган жок.

Бизге белгилүү болгондой, Кыргызстанда же Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө Хабибулла Абдукадырга жана анын туугандарына каршы расмий иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Атүгүл, бул журналисттик иликтөө көрсөткөндөй, үй-бүлө инвестор катары чөлкөмдөгү ишмердигин жана таасирин кеңейте алган.

7. Бул инвестициялардын артында чындыгында Абдукадырлар турарын биз кайдан билебиз?

Журналисттер бир жылдан ашык убакыт бою Абдукадырлардын дүйнө жүзүндөгү ишмердигин иликтешти. Алар бул үй-бүлөнүн негизги мүчөлөрүнө таандык ондогон компанияларды табышты жана алардын активдерин жер кадастрлары, өкмөттүк документтер жана башка булактар аркылуу талдап чыгышты.

Бул долбоордо компанияларга жана активдерге кимдер ээлик кылары тууралуу бардык маалымат аталган расмий булактардан алынган (эгер башкача көрсөтүлбөгөн болсо).

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Плакал два месяца». Беспомощного ребенка-аутиста изнасиловали в интернате

Готовность пристройки к Поваровской школе в Солнечногорске составила 75%

Сергей Собянин. Главное за день

Бой Гончарова и Богатырёва в финале Гран-при ACA пройдёт 16 августа

Музыкальные новости

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом хочет приобрести вингера

Америкой и Европой сенсационно управляет Гольфстрим. Научная сенсация!

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

«Первый Бит» доработал логистические процессы производителя пищевой упаковки «Пище-Поли-Пласт»

Новости России

Погнутый евро // Курс европейской валюты продавило новостями

Плато мне друг: россияне стали чаще ездить в экотуры

Футуристическая сила финансового алгоритма: как DGen CyberExchange искажает экономическую ситуацию до неузнаваемости! Кибер-франшиза dDigitalGene превосходство в информационной эпохе

Начались съемки сериала о беглых офицерах в Константинополе «Изгои»

Экология в России и мире

Адские цены на Сочи и Анапу заставили российских туристов найти новые пути экономии

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

Какие украшения чаще всего дарят на годовщину свадьбы: исследование «585*ЗОЛОТОЙ»

Немцы решили элегантно кинуть турецкие отели: гостиницы Анталии уже в шоке и угрожают массовыми удержанием туристов

Спорт в России и мире

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Свёнтек сравнялась с Шараповой по победам на турнирах Большого шлема

Андреевой предрекли борьбу за топ-10 рейтинга WTA в текущем сезоне

Moscow.media

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи

В Шебекино подорвались на мине трое бойцов самообороны и оператор “России-24”

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Вечерело...







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *