Мигранттарды абакка түрткөн маңзат соодасы
![Мигранттарды абакка түрткөн маңзат соодасы](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-1bf2-08db48cab5f7_tv_w800_h450.jpg)
Апрелдин соңунда уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдогон. Анда “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого кыргыз бийлигинен көмөк сурашкан.