Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Талкууга түшкөн кат: "Политклиника" сайтынын редактору сурак берди

Талкууга түшкөн кат:

"Политклиника" басылмасынын редактору Дилбар Алимова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу каты деген документке байланыштуу атайын кызматка телефондон сурак берди. Алимова бул окуядан кийин фейк аккаунттардын басымы күчөгөнүн, медианы жабууга үндөгөн чакырыктар жазылып жатканын айтууда. Спикердин башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазган катынын көчүрмөсү деген документ ага чейин интернетте тараган. "Политклиника" анда коюлган кол тамга Шакиевдикине окшош экенин жазган. Анын басма сөз катчысы кат жалган экенин айтып, ал спикерди "жаманатты кылуу үчүн" атайлап таратылып жатат деген маалымат берди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алимованын суракка алынганы тууралуу маалымат тарата элек. Башкы прокуратура да талкууга түшкөн көчүрмөнүн чоо-жайын комментарийлей элек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазылган кат делген документтин сүрөтү алгач социалдык тармактарда тарап, "Политклиника" басылмасы аны кыска кабар иретинде 5-майда жарыялаган.

Жаңылык "Кол тамгасы окшош. Шакиев Бакиевди актоо өтүнүчү менен баш прокурорго кайрылганбы?" деген тема менен чыккан. Документ 2022-жылы 28-апрелде №6-6651/22 деген чыгыш номур менен жазылган. Ал кезде Шакиев спикер эмес, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турганын белгилей кетели.

Журналисттер кийинки бетте коюлган кол тамганы Нурланбек Шакиевдин кол тамгасы менен салыштырып, экөө окшош экенин жазышкан. Анда “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салуу жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу” суранычы жазылган. "Жалал-Абад облусунун тургундарынан Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип берүүнү, аны мыйзамдын негизинде реабилитациялоону суранган кайрылуулар көп болуп жатканы" айтылган.

"Политклиника" каттын анык-жалганы азырынча белгисиз экенин, Башкы прокуратурага жиберген өтүнүчкө жооп ала электигин да белгилеген. Бул кабар сайтка чыккандан бир күндөн кийин, 6-майда "Политклиниканын" башкы редактору Дилбар Алимова спикердин каты деген документ тууралуу кабарга байланыштуу УКМКнын кызматкерлери суракка чакырып жатканын Фейсбукка жазып чыкты. "Азаттык" Алимова менен 7-майда байланышканда ал катты социалдык тармактардан алышканын, интернетте аны Сыймык Алканов аттуу катталуучу таратып жатканын билдирди:

"6-майда биз жалпы жамаатыбыз менен тоого чыкканбыз. Менин телефон номурума УКМКнын кызматкеримин деп бирөө чалып, "сиз Кой-Ташта экенсиз, азыр атайын кызматка келип калыңыз, биздин сизге суроолорубуз бар" деди. Мен алардын атайы чакыруусу келгенден кийин юрист менен барарымды айттым. Бирок ал ага макул болбой, дароо келип калышымды талап кылды. Ал тургай УКМКнын өкүлүмүн деген адам тоого чейин келип, колума чакыруу барагын тапшырып туруп алып кетүүгө да даяр экенин айтты. Мен бул тууралуу Facebook социалдык тармагына пост жазып, адвокаттарым менен да байланыштым. Алар расмий чакыруу келмейинче УКМКга барууга милдеттүү эмес экенимди айтышты. Көп өтпөй дагы бир телефон чалуу болуп, ал өзүн УКМКнын башка кызматкери катары тааныштырды. Менден Facebook баракчама жазган билдирүүмдү алып коюну өтүнүп, телефондон эле такташа турган болгонун, тоого келбей калганын айтты. Суроолорунда ал катты кайдан алганыбызды сурады".

Алимова "Политклиника" басылмасына фейк аккаунттардын басымы күчөп жатканын, ар кандай каралоо, медианы жабууга үндөгөн чакырыктар жазылып жатканын кошумчалады.

Спикердин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев документти жаманатты кылуу максатын көздөгөн жана атайлап жасалган деп эсептейт. Алар "Политклиника" басылмасынан жаңылыкты алып салууну талап кылууда.

"Мен ал каттын мазмуну менен таанышып, номурун карагандан кийин Жогорку Кеңештин каттар бөлүмүнө кайрылгам. Адистер менен биргеликте катта көрсөтүлгөн номур жок экенин, бул кат жасалма экенин тактап чыктык. Ошого да карабастан аталган басылма катты жарыялап койду. Жалган маалыматты жарыялоо журналисттик иштин эрежелерине жана тиешелүү мыйзамдарга да туура келбейт. Төраганын атын булгоо аракетинде жазылган жалган катты кечиктирилгис түрдө алып салууну талап кылдык. Технология өнүгүп жатканынан пайдаланып жазылган, адамдын намысына шек келтирген нерсени жарыялоо - төраганын, жалпы Жогорку Кеңештин аброюна шек жаратууда. Биз "Политклиника" басылмасынан дагы бир ирет бул жаңылыкты бардык ресурстардан алып салуусун суранабыз", - деген Деркембаев спикердин азырынча сотко кайрылуу ниети жоктугун белгиледи.

Ошол эле кезде ал 7-майда Улуттук каналда жарыяланган жана каттын жалган экенине басым жасалган сюжетте эгерде аталган басылма кабарды өчүрбөй турган болсо,"Анык эмес жалган маалымат жөнүндө" мыйзамга ылайык кадамдар жасаларын кыйытты.

Бул маселе боюнча башкы көзөмөл органы жооп бере элек. УКМК да журналисттин суракка чакырылганы боюнча маалымат бербеди.

"Азаттык" каттын сүрөтүн тараткандар менен байланыша алган жок.

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын пикиринде, маселенин чоо-жайын тиешелүү органдар аныктап чыгышы керек. Ошол эле учурда ал Бакиевди актоо аракети мурда да көрүлгөнүн эске салды:

"Албетте, кат тууралуу суроого Нурланбек Шакиев өзү ачык жооп бериши керек. Бул кат 2022-жылы жарыкка чыкса, ошол кезде актуалдуу болмок эмес. Ал эми Садыр Жапаров президенттерди Дубайда чогултуп сүйлөшкөн соң, Аскар Акаевди реабилитация кылган соң, убактылуу өкмөттүн негизги мүчөлөрүн, Ош окуясына, Апрель окуясына күнөөлүүлөрдү өзүнүн буйругу менен элчи кылып шайлаган соң, "Бакиевдерди актаганга болбойт" деген сөз акыйкаттыкка жатпай калат. Ошондуктан бийлик актайм деп, ак барактан баштайм дей турган болсо, анда баарын акташ керек. Кан төгүүлөр ар бир президенттин тушунда болду. Ошондуктан актайбыз десе баарын бирдей актасын. Жазаланыш керек десе, анда баарын бирдей жазалаш керек болчу. Бул кат өтө олуттуу кат, Шакиев жазбаса, анда ким жазды?", - деп суроо салды Жолдошева.

Активист Мавлян Аскарбеков сөз болгон документти элдин реакциясын текшерүү аракети катары баалады. Мындай кабарды жарыялаганы үчүн журналисттерди суракка чакыруу аракетин сынга алды:

"Дүйнөлүк басма сөздө айтылгандай, "утечка информации" деген болуп кетти. Азыр биз бул кат канчалык деңгээлде расмий жазылганын билбейбиз. Мындай каттарды айрымдар коомдук дискредитация, саясий аракеттерди жасоо үчүн фейк аккаунттар аркылуу чыгарышы мүмкүн. Биз эске алчу жагдай - кээ бир күчтөр тарабынан Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери болуп жатат. Ушундай каттар аркылуу коомчулуктун пикирин, мамилесин билүү максатында атайын чыгарылышы ыктымал. Кескин реакция, терс пикир болсо, анда реабилитациялоо маселесин токтотуп туруу жагы каралат. Бирок, бул кат жөн жерден чыккан жок, балким ошол эле Бакиевдер тарабынан социалдык тармактарга жайылып аткандыр. Бакиевдер эмес, Атамбаевди да реабилитациялоо аракеттери азыр деле бар. "Шакиевдин каты" делген маалыматты жазганы үчүн журналисттерди суракка чакыруу туура эмес, анын аныктыгын органдар текшериши керек. Өзүңүздөр көрүп тургандай соңку тенденцияларда сөз эркиндигине, медиа каражаттарына, журналисттерге кысым көбөйүп баратат".

“ПолитКлиника” – Кыргызстандагы саналуу көз карандысыз, эркин медиалардын бири. Акыркы жылдары коомчулукта резонанс жараткан жыйырмага жакын иликтөө жасаган. Ондогон дата-макалаларды, эксклюзивдүү маектерди, аналитикалык макала жана фактчекингдерди даярдап, кыргыз тилинде сапаттуу контент чыгарып турат.

Быйыл 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын карап баштаган.

Нурланбек Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи дагы болгон.

Февраль айында Дубайда Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин катышканы талаш-талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, "Жапаровдун мурдагы президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок" экенин билдирген.

Мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтынын алдына чогулган апрелчилерден турган коомдук бирикмелердин 40тан ашуун мүчөсү Курманбек Бакиевдин акталышына жана 7-апрелдин жылнаамадагы статусун өзгөртүү сунушуна байланыштуу бийликке кайрылуу жасаган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

МОК не допустил до Олимпиады сильнейших борцов и тхэквондистов из России

Россия подомнет под себя осколки Евросоюза: БРИКС становится стержнем многополярного мира

В Москве возбудили уголовное дело по факту отравления едой

Проект Zethereum (ZTH): Майнинг на борту Telegram, обзор и последние достижения

Музыкальные новости

В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!

В Пензе стартовали соревнования по по мотокроссу на Кубок главы города

Кинофестиваль «Движение по вертикали» памяти Станислава Говорухина пройдет в Тульской области

Новости России

Роман Костомаров поучаствовал в боксерской тренировке в Москве

если дома нелюди конечно все можно вурнар набрали быдл полицию

В Москве возбудили уголовное дело по факту отравления едой

Школьники Пензенской области вошли в число призеров международного конкурса «Расскажи миру о своей

Экология в России и мире

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Спорт в России и мире

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

«Наконец-то всё началось». Борис Беккер побывал на матче открытия Евро-2024

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Moscow.media

Большая часть российских автомобилистов готова перейти на б/у запчасти

Храм Преображения Господня в Коммунарке

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *