Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат
![Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат](https://gdb.rferl.org/c7869376-a8e4-4e64-8944-2f6158fd7a61_cx3_cy0_cw96_w800_h450.jpg)
Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү 8-майда кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда.
Кыргызстандын 1 млн ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясына экени айтылып келет.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва, Екатеринбург шаарларында башкы консулдуктары бар. Новосибирск шаарында вице-консулдук иштейт.(ZKo)