Ош шаарындагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө Акылбек Жапаров катышты
Ош шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Анда жүрүш Баялинов көчөсүнөн Борбордук аянтка чейин болду. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган облус, шаар башчылары, жергиликтүү тургундар катышты. Учурда шаардын борбордук аянтында митинг-реквием өтүп жатат.
Мындай жүрүш Бишкек шаарында дагы өтүп жатат. Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түштүк дарбазадан башталган иш-чара Жеңиш аянтына чейин уланат. Жүрүш маалында бир катар көчөлөр жабылды.
"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-2021-жылдары жүрүш болгон эмес. 2022–жылы өткөрүлгөн.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дүн тегерегинде болчу.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (DSh)