Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Беш балам менен качтым". Кор болгон аялдарды коргогон "Сезим"

“Сезим” кризистик борбору 25 жылдан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган аялдарга, алардын үй-бүлөлөрүнө реабилитациялык колдоо көрсөтүп келет.

“Азаттык” аялдардын үнүн угуп, коргоп келген “Сезим” кризистик борборунун иши, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын тагдыры, зомбулуктан кийинки жашоосу жана кыялы тууралуу сүрөт баянды сунуштайт.

“Беш балам менен качтым”

29 жаштагы Гүлбарчын (аты өзгөртүлдү) чиедей беш баласын кучактап, кызыл камчы күйөөсүнөн качууга аргасыз болгон. Азыр келин “Сезим” кризистик борборунун баш калкалоочу жайында жашап жатат.

"Бул жерге ("Сезим" кризистик борборуна) келгенде уруш-талаш жок өзүм да, балдарым да тынч уктап калдык. Психологдордон жардам алып, жаңы жашоо баштагандай болуп жатам", - деди Гүлбарчын.

"Турмушка чыгып, бир балалуу болгондо күйөөм жол кырсыгынан каза болду. Бала менен бараар жерим жок, кете албай кайын-журтумда туруп калдым. Бир жылдан кийин кайниме алып берип коюшту. Экөөбүз тогуз жыл жашап, дагы төрт балалуу болдук. Күйөөм көп ичет. Мас болгондо жаңжал салып, мага, балдарга кол көтөрчү болду. Ур-токмогуна чыдабай милицияга далай жолу кайрылдым. Акыры балдарымды жетелеп, үйдөн качып чыктым", - деген келин көзүнө жаш алды.

Гүлбарчын балдары менен Ошто турчу. Зомбулуктан качып, борборго келгенине эки жума болду.

"Ишенесизби, мен өз укугумду билчү эмес экем. Бир жолу күйөөм аябай катуу сабады. Бетим көгала болуп, милицияга бардым. Формачан балдар "күйөөңүз акмак экен, сөзсүз жазалайбыз, кантип ушу кишиге чыдап жашап жүрдүңүз?" деп жатышкан. Бир кезде күйөөм менен кайнатам келип, алар менен сүйлөшүү үчүн башка бөлмөгө кирип кетишкен. Чыккандан кийин эле милиция кызматкерлеринин сүйлөгөн сөзү өзгөрүп калды. "Беш балаңыз менен кайда бармак элеңиз, күйөөңүздү кечириңиз. Эми башка кайталабайт" деп күйөөмө кошуп узатып коюшту. Үйгө келгенде күйөөм "сенин айыңдан бирөөгө жөн жерден 5 миң сом бердим" деп дагы сабады. Көрсө күйөөм милицияга менин арызымды жабыш үчүн пара берген экен. Ошондон кийин укук коргоо органдарына ишенбей калдым. Ал кезде коргоо ордери тууралуу билчү эмесмин. Милициядан жазып берип коюшса болмок да. Башка аргам калбаганда, беш баламды жетелеп, Бишкекке качтым", - деди Гүлбарчын.

"Сезимге" кайрылган ар бир аял менен адегенде психологдор иш алып барат. Андан кийин аялдар ар түрдүү курстарга бара баштайт. Андай окууларга катышып жаткан Гүлбарчында келечекке ишеним пайда болгон.

"Көзүм кадимкидей ачылды. Мурда эле качып кетким келчү. Бирок балдарымды өзүм жалгыз багып кете аларыма ишенчү эмесмин. Балдарыма татыктуу билим бергим келет. Өзүм да окуп, айылдарда мага окшоп зордук-зомбулукка кабылган келиндерге жардам берсемби дейм".

“Сезим” кризистик борборуна караган бул баш калкалоочу жайда кадимки үй- шарты каралган. Аялдар кезек-кезеги менен тегерегин жыйнап, балдарына нан бышырып, ысык тамагын даярдайт.

Айперинин денесиндеги көгала тагы кете элек

Айпери (аты өзгөртүлдү) да бир кызы менен азыр "Сезим” кризистик борборуна караган “Нур” транзиттик социалдык үйүндө жашап жатат.

"Үстүмдөгү кийим менен качыпмын. Бул жердеги эжелер кийим-кече беришти. Азыр кызым экөөбүз мында турабыз. Үч балам күйөөмдүн колунда. Ушуну менен кризистик борборго үчүнчү жолу кайрылып атам", - деди Айпери.

Айпери өңдүү аялдар чыдоо менен үй-бүлөсүн сактап калам деп ойлошот. Ушундай көз караштан улам көгаласы тараганда кайра эле кызыл камчы жолдошуна кеткендер бар.

"Сезим” кризистик борборуна караган “Нур” транзиттик социалдык үйүн Анара Омуркулова жетектейт.

Мектеп партасын бул жакка алмаштырган окуучулар үй-бүлө зомбулугу тууралуу анчейин түшүнбөйт. Бирок, алардын деле тилегени тынчтык. Энеси көз жашын төкпөй, күлүп-жайнап кашында турса болду. Мында аялдар эле эмес, балдар да психологдордун көзөмөлүндө болот.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, борборго кайрылган аялдар адатта бул жерде балдары менен бир айдай гана жашай алат. Бул учурда анын балдары психологдордун көзөмөлүндө болуп, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз болот.

“Биздин борбор зордук-зомбулукка, миграцияга кетип кулчулукка кабылган кыз-келиндер менен иштейт. Бул жерде аялдар балдары менен чогуу жашайт. Күн сайын келгендердин аягы үзүлбөйт. Мурда бир айдан ашкандан кийин көпчүлүк аялдар барарга жери жок калчу. Акыркы жылдары "Сезим" кризистик борбору узак мөөнөттөгү программаны иштеп чыккан. Ага ылайык сегиз айга чейин жашап кеткендер бар”, - деди Анара Омуркулова.

“Бул жакка келген аялдар жөн эле жашап кетпей, бизден болушунча маалымат алса дейбиз. Жок дегенде өз укугун коргогонду билиши керек. Бизге келген кыз-келиндерден “кандай зордук-зомбулук болду?” деп сурасаң, “чаап койчу” же “сабачу” дешет. Алар психологиялык басмырлоого же зомбулуктун башка түрлөрүнө анча маани беришпейт. Күйөөсүнүн сөгүп, мазактаганына көнүп калганын айтышат. Бул өтө начар көрүнүш. Айрым кыз-келиндер жада калса коргоо ордери эмне экенин билбейт”, - деди Анара Омуркулова кейип.

“Сезимдин" “Үйдүн куту учпасын” деген урааны бар. Бизди "үй-бүлөнү ажыраштырат" дей беришет. Бул туура эмес. Эгерде аял үй-бүлөнү сактагысы келсе, колдон келген жардамды, психологдор менен үй-бүлөлүк кеңештерди беребиз. Биз эч качан аялга "ажыраш же үй-бүлөңдү сакта" деп айтпайбыз. Аял кандай чечим чыгарбасын колдойбуз. Үй-бүлөмдү сактайм деген аялдарга күйөөсү менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштайбыз. Эгер күйөөсү макул болсо, аларга үй-бүлөлүк кеңеш беребиз. Ажырашам дегендерине юридикалык жардам көрсөтөбүз”, - деди Анара Омуркулова.

“Нур” транзиттик социалдык үйүн Чыгыш Бавария фонду сатып берген.

“Сезимге” кайрылган аялдарга юридикалык да жардам көрсөтүлөт. Кыйын кырдаалга кабылгандар баш калкалоо үчүн келсе, онлайн түрүндө жардам сурап, күнүгө жүздөгөн аял чалат.

“Сезим” кризистик борборунун адистери аларга кайрылган аялдардын укугун коргоп, сот отурумдарына чейин катышат. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова күн алыс өзү да сотко барып, ар бир иштен өзү кабардар болуп турат.

“Сотторго бара берип, баары мени жакшы таанып калды. Түрдүү коркутуулар болот. Сот залынан тура калып, атырылып, "өрттөш керек, жок кылыш керек" дегендер да бар”, - деди Бүбүсара Рыскулова сот залына кирип баратып.

Айрым сот иштери 10 жылга чейин созулат. Мындай учурда да "Сезимдин" адистери аягына чейин аялдарды коргошот.

Адистер аялдардын көз жашын сүртүп, алардын укугун коргоодо ар кандай мамлекеттик органдары менен тыгыз иштейт.

“Сезим” кризистик борбору 1998-жылы түзүлгөн, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарга, балдарга башпаанек берип, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтөт. Жыл сайын кризистик борборго 3,5 миң адам кеңеш сурап кайрылат. Борбордо психолог, балдар психологу, адвокат, юристтерден тартып 18 киши иштейт.

“Сезим” кризистик борборуна эл аралык уюмдар колдоо көрсөтөт. Азыр алар USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун жардамы менен, Кыргызстандын аймактарында иштеп жаткан башка кризистик борборлор менен тажрыйба алмашып, аларды окутуп-үйрөтүп, зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүүнүн сапатын жакшыртуу жаатында чогуу аракеттенүүдө.

Ушул тапта Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугун алдын алуу жана зомбулукка кабылган аялдар үчүн 15ке жакын кризистик борбор иш алып барат. Аларга кайрылгандардын саны жыл сайын орто эсеп менен 7 миңге жетет.

Кыргызстанда жыл сайын Ички иштер министрлигине үй-бүлө зомбулугу фактысы боюнча 10 миңден ашуун арыз келип түшөт. Акыркы эки жылда 20дан ашуун аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Россия подомнет под себя осколки Евросоюза: БРИКС становится стержнем многополярного мира

За первые три дня Игр БРИКС сборная России завоевала 160 медалей

Еженедельный вестник катастроф

Найден новый «Москвич-412», простоявший в гараже с 1991 года

Музыкальные новости

Джиган и Оксана Самойлова привели на “Премию Муз-ТВ” в Москве ту самую “диско-бабушку из Сыктывкара” – любимицу Сергея Лазарева

Сотрудники Дмитровского ОВО Росгвардии по Московской области приняли участия в спортивном празднике Динамо

В Пензе стартовали соревнования по по мотокроссу на Кубок главы города

Сергей Собянин. Неделя мэра

Новости России

Трассу М-4 «Дон» временно перекрыли из-за массового ДТП

За первые три дня Игр БРИКС сборная России завоевала 160 медалей

Роман Костомаров поучаствовал в боксерской тренировке в Москве

NBC: Военные США в конце мая нанесли удар по сомалийскому лидеру ИГ* Мумину

Экология в России и мире

Волосы не выпадают, они стали гуще, а на лице разгладились морщины. Затрачивать можно 5 минут на массаж затылка, лба и головы

Прямые рейсы в Таиланд неожиданно снимают: стали известны подробности и альтернативы

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru

Спорт в России и мире

Елена Рыбакина «заменила» Геннадия Головкина

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024

Российские теннисисты выступят на Олимпиаде в Париже

Moscow.media

В Коми ввели штрафы за «склонение к абортам»

ТСД промышленного класса Saotron RT-Т510

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *