Орусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырууга милдеттүү
Орусиянын Мамлекеттик думасы 23-майда үчүнчү окууда кабыл алган мыйзамга ылайык, аскерге чакырылгандар эми чет өлкөгө чыга турган паспортун полициянын миграциялык бөлүмүнө тапшырышы керек. Документти кызмат өтөп келгенден кийин гана кайра алышат.
Бул мыйзамдагы нормалар комиссиянын аскерге чакыруу тууралуу чечими чыккан 18ден 27 жашка чейин эркектерге тиешелүү. Юристтердин түшүндүрүүсүнө караганда, аскердик комиссариаттан чакыруу алган, бирок чечим чыга электер паспортторун тапшырууга милдетүү эмес.
Апрелде кабыл алынган мыйзамга ылайык, аскер комиссариаттарына чакыруу кагаз жүзүндө гана эмес, электрондук почта аркылуу да келет. Ал «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы жеке кабинетке жайгаштырылган соң жарандын колуна тапшырылды деп саналат.
Чакыруу берилгенден кийин 20 күн ичинде комиссариатка келбеген жаранга кошумча чектөөлөр иштейт: ал жеке ишкер катары каттоого туруу, үй-мүлкүн каттатуу, автоунаа айдоо, насыя алуу укугун колдоно албайт.