Таркович: Кыргыз футболуна жаңылык киргизем
![Таркович: Кыргыз футболуна жаңылык киргизем](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-3e56-08db5b961a5a_tv_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 23-майда Бишкекте маалымат жыйын куруп, оюнчуларды издеп жатканын билдирди. Анын штабы 33 футболчуну машыгууга чакырган. Ал азыр команданы июнда өтө турган мелдешке машыктырып жатат.