Токаев Лукашенконун өзөктүк курал тууралуу сөзүнө жооп берди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенконун сөздөрүн «тамаша» катары кабыл алганын айтты. Лукашенко Казакстанга өзөктүк куралга ээ болуу үчүн Орусия менен Беларустун союзуна кошулууну сунуштаган.
«Мен анын тамашасын жогору бааладым. Менимче, мунун эч кандай зарылчылыгы жок. Анткени Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу башка интеграциялык да бирикмелер бар. Ал эми өзөктүк курал тууралуу айтсак, анын бизге кереги жок», - деди Токаев Акордо тараткан видеодо.
Лукашенко орус телеканалына маек куруп жатып, эгерде Казакстан же башка бир мамлекет өзөктүк куралдуу болгусу келсе, союзга кошулса болорун айткан.
Орусия менен Беларустун ортосунда союздук мамлекет түзүүнүн жол картасы боюнча "интеграциялык декретке" 2021-жылы ноябрда кол коюлган.
24-майда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык форумунда Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБдин ичиндеги эки өлкөнүн интеграциясы менен калган үч катышуучу өлкөнүн интеграциясындагы айырмачылыктарга басым жасаган.
«Бул - Евразия экономикалык биримдигинин ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар экендиги. Башкача айтканда, дүйнөнүн саясий тарыхында уникалдуу прецедент, же феномен пайда болду. Саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий, гуманитардык жактан бирдиктүү мейкиндик түзүү менен, бирдиктүү союздук өкмөтү жана бирдиктүү парламенти бар “Эки өлкө – бир мамлекет” формуласы менен түзүү. Кечирим сурайм, керек болсо азыр алардын экөөндө бир өзөктүк курал бар», - деген эле Токаев.
25-майда Москва менен Минскинин өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча документке кол коюшкан.