Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркиядагы кан төгүүгө айыпталган адамдан кыргыз паспорту табылды

Түркиядагы кан төгүүгө айыпталган адамдан кыргыз паспорту табылды

Түркияда жасалма кыргыз паспорту менен өзбекстандык жигит кармалды. Денизли шаарында кармалган киши 2017-жылы Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салууга жардам бергени үчүн айыпталып, Өзбекстанга депортацияланганы, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө экени аныкталган.

30-майда "Демирөрен" агенттиги aтайын операциянын алкагында кармалган 32 жаштагы өзбек улутундагы А.А. аттуу жаран 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салууга жардам бергени деп айыпталып, Өзбекстанга депортацияланганын билдирди. Бирок полициядагы суракта ал быйыл башка кишинин аты жазылган жасалма кыргыз паспорту менен Сириядан Түркияга киргенин моюнга алган.

Шейшембиде Денизли шаардык прокуратурасы аны "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө" деген айып менен камакка алды.

Түнкү клубдагы калабанын карааны

Алты жыл мурун 1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубундагы куралдуу кол салууда 39 киши өлүп, 70ке жакыны жарадар болгон. Түрк басылмалары теракт болгон түндөн баштап террорист Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышкан. Ошол эле күнү түрк телеканалдары Стамбулдагы чабуулга шектүү деп кыргызстандык Яхъё Машраповдун паспортун көрсөтүшкөн. Көп узабай карасуулук Яхъё Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Кандуу чабуулдан 16 күн өткөндөн кийин гана мамлекеттик "Анадолу" агенттиги Абдулкадыр Машарипов Өзбекстандын Кокон шаарында туулганын жана Түркияга окуядан бир жыл мурун келгенин маалымдаган. Бирок жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү терактты уюштурган Машариповдун борбор азиялык болгонун жүйө кылып, Түркияда жашаган бир канча уйгурлар менен түркмөндөргө кол салышкан.

Абдулкадыр Машарипов окуядан бир айдан кийин гана Стамбул шаарында жашыруун жашаган үйүнөн атайын операциянын алкагында кармалган. Түнкү клубдагы чабуул үчүн "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук тобу жоопкерчилик алган.

Түркиянын Стамбул шаардык соту 2017-жылдын сентябрь айында негизги айыпталуучу Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, 1368 жылга өкүм кылган. Сот Машариповго "адам өлтүрүү", "теракт уюштуруу" жана "конституциялык түзүлүштү өзгөртүү" беренелери боюнча айып койгон.

Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 57 киши да ар түрдүү беренелер менен кесилген. Алардын арасында Машариповдун жубайы Зарина Нуруллаева да бар.

Окуядан кийин Босфор кысыгындагы эң белгилүү түнкү клуб ишин токтоткон.

Быйыл жыл башында Стамбулда "Жаңы жыл түнүндө теракт жасоону пландаган" деген шек менен Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары кармалган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, укук коргоо органдары бул эки адам "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү экени аныкталган. Өзбекстандын жараны депортацияланган, тажик жараны тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Түрк коопсуздук органдарынын божомолуна ылайык, шектүүлөр "Ислам мамлекети" террордук уюмунун көрсөтмөсү менен 2017-жылдагыдай кандуу теракт жасоону пландаган.

 2021-жылы 8-декабрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) М.Ш.Р. аттуу жаранды Түркиядагы окуяларга, террордук ишмердүүлүккө катыштыгы бар деген шек менен кармалганын кабарлаган эле.

Саймаитинин кыргыз паспорту

2019-жылы 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиден да кыргыз паспорту табылган. Мунун артынан эле Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталганын кабарлаган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон.

Ошол эле жылы Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Паспортту мыйзамсыз берүү" фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлган.

Деген менен 2020-жылы Жогорку сот кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү боюнча кылмыш ишин кыскарткан.

Министрлик эл аралык издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөнүн тактаган.

Айеркен Саймаити "Азаттык" радиосу өнөктөштөрү менен жасаган журналисттик иликтөөлөрдө кыргыз бажысындагы трансулуттук коррупциялык схеманы жана аны бул мекеменин мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов калкалап турганын бетин ачып берген. Ал журналисттик иликтөөлөдө 700 млн. доллардын тегерегиндеги акчаны Саймаити бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгарып тургандыгы тууралуу кеп болгон.

Жасалма паспорт менен кармалгандар

Жасалма кыргыз паспорту менен чет өлкөлүктөрдүн Түркияда кармалышы утур-утуру маалымат каражаттары айтып келет. Алар негизинен Стамбул же Анкара аэрпорттунан өлкөгө кирерде колго түшөт. Алсак, 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган уйгур улутундагы 98 адамдан кыргыз паспорту алынганы белгилүү. Бул окуя өлкөдө чоң резонанс жаратып, кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөн.

Кыргызстанда да жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурун Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан.

Быйыл март айында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун аймагынан "Ислам мамлекети" террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдаган.

"Ош облусунун тургуну, Кыргызстандын жараны Х.У.О. кармалды. Ал эл аралык "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүгү боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасалма даярдап берүүгө аракет кылган", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бирок атайын кызмат шектүү жалпы жарандык паспортту же ID картаны жасоого шек саналып кармалганын тактаган жок.

Ошол эле күнү "Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген "деп Ош шаарында өзбекстандык жаран кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган. Ал эл аралык террордук уюмга тиешеси болгону үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн.

Былтыр Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн билдирип чыккан. Министрдин айтымында, паспорт мафиясы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүдө.

Иманов ошондой эле 100дөн ашык Түркияга чыгарып бараткан жаран кармалганын билдирген.

Анын айтуусунда, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринде инвентаризация жүргүзүлүп, анда Ош облусунун Өзгөн районундагы текшерүү учурунда жок кылына турган 1200 паспорт жетпей калган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар бар.

Ал эми министр Талант Иманов бул эски системанын кесепетинен болууда деген ойдо.

Террорчуларды тейлеген паспорттор

2022-жылы британиялык The Guardian басылмасынын иликтөөсүндө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешелүү кишилерди расмий виза чапталган жасалма паспорттор менен Сириядан Европага, АКШга жана Канадага жиберген көмүскө онлайн-бизнес айкын болгон. Жасалма паспортторду даярдап, сата турган жашыруун түйүндөрдүн бирин Түркиядагы өзбек тектүү киши башкара турганы аныкталган. Ал ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку сапаттагы жасалма паспортторун жасап, чоң акчага - 15 миң АКШ долларына чейин сатып жүргөнү белгиленди.

Басылманын иликтөөчү журналисттери Сирия менен Түркиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, шектүү кишилер жасалма паспорттордун жардамы менен Стамбул аэропорту аркылуу чет өлкөлөргө чыгып кеткен, кеминде он учурду аныктай алды.

Журналисттер менен жазышкан жасалма паспорт сатуучунун айтымында, кардарлардын арасында Европага барууну каалагандар көп. Ал кардардын улутуна, сүйлөгөн тилине, кайда баргысы келгенине жана канча акча корото аларына жараша жасалма паспорттордун бир нече түрү сунуштайт.

Европага же АКШга кирүү үчүн эң арзан документтер орус, кыргыз жана казак паспорттору болуп, алардын ар биринин баасы беш миң долларга чейин. Сатуучу Шенген визасын кошкондо, бир кишиге жазылган жасалма паспорттун наркы 6000 долларга чыгарын жашырган эмес.

Эң кымбат варианты – Евробиримдикке кирген мамлекеттердин паспорттору. Алардын ар биринин баасы 8 миң долларга барабар экени айтылган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

16 июня 2024 года россияне отметят День отца: история праздника, традиции, поздравления

Народные приметы на 16 июня 2024: что можно и нельзя делать в день Лукьяна Ветряка

ZDF: между Бербок и Шольцем возникли разногласия из-за антироссийских санкций

На выставке "Россия" 15-миллионная гостья выиграла поездку в Самарскую область

Музыкальные новости

Джиган и Оксана Самойлова привели на “Премию Муз-ТВ” в Москве ту самую “диско-бабушку из Сыктывкара” – любимицу Сергея Лазарева

Город-десятимиллионник // Квартир дешевле в Москве остается все меньше

Курорт «Горячинск» поддерживает «Балет на Байкале. Бурятия»

В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»

Новости России

Праздники, которые отмечает Россия и всемирное общество 16 июня 2024 года

16 июня 2024 года россияне отметят День отца: история праздника, традиции, поздравления

В Інституті вивчення війни пояснили, нащо РФ імітує бажання переговорів

На выставке "Россия" 15-миллионная гостья выиграла поездку в Самарскую область

Экология в России и мире

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом

Более 340 тыс. кв м асфальта отремонтировали во дворах Подмосковья

Спорт в России и мире

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

«Наконец-то всё началось». Борис Беккер побывал на матче открытия Евро-2024

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»

Moscow.media

Молодые специалисты «Газпромнефть - Битумные материалы» продемонстрировали эффективное решение в финале «CASE-IN»

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Гроза роскошных седанов от BMW и Mercedes-Benz. История Fiat 130







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *