Кыргыз тарыхынын жаңы кырын ашкан Кыяс агай
![Кыргыз тарыхынын жаңы кырын ашкан Кыяс агай](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-fd1d-08db6825f0a4_tv_w800_h450.jpg)
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган симпозиум өттү. Иш-чаранын алкагында тарыхчынын илимдеги эмгегине арналган "Изгилик" аттуу даректүү тасманын жана"Кыяс: алтымыштын белесиндеги белек" аттуу китептин бет ачары да болду. Илимпоз учурда байыркы кытай жазма булактарынан табылган кыргыз тарыхы тууралуу жаңы маалыматтардын үстүнөн иштеп жатат.