Футбол: "Азаттыктын" кубогун Оштон келген журналисттер жеңди
![Футбол:](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-d9dd-08db6a6d30b7_tv_w800_h450.jpg)
"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. 10-июнда Бишкектеги Футбол борборунда өткөн оюнга 13 команда катышып, “Т-Медиа - Ош ТВ” командасы 1-орунду алды. Мелдеш тилектештикти бекемдөө жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.