Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Сильвио Берлускони көз жумду
![Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Сильвио Берлускони көз жумду](https://gdb.rferl.org/923B47C3-CC45-471B-9E24-148BD2D87EA7_w800_h450.jpg)
Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 86 жашында каза болгонун Corriere della sera жана La Repubblica гезиттери жазды. Reuters агенттиги ал оорудан улам 12-июнда көз жумганын кабарлады. Маалыматты расмий адамдар тастыкташты.
Берлускони апрелде Миландагы ооруканага жаткан. Ага өнөкөт лейкоз деген диагноз коюлган.
Ал Италиянын мамлекеттик жана саясий ишмери, 1994-жылдан 2011-жылга чейин төрт жолу Министрлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Италиядагы эң бай ишкерлердин бири катары да таанымал. 57 жашында саясатка аралашып, өкмөттү жетектеген алгачкы мультимиллиардер.
1994-жылы январда Forza Italia партиясын түптөп, эки айдан кийин Италиядагы улуттук парламенттик шайлоодо жеңген.