Коргонуу тармагына эки жылда 83,4 миллиард сом жумшалды
![Коргонуу тармагына эки жылда 83,4 миллиард сом жумшалды](https://gdb.rferl.org/02890000-0aff-0242-7b20-08da0e2665ae_w800_h450.jpg)
Кыргызстан коргонуу тармагына соңку эки жылда 83,4 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу 13-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:
"Акыркы жылдары коргонуу жөндөмүбүздү күчөтүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасап жатканыбызды бүгүн айта кетсем ашыкча болбос. Мамлекеттик коргоого, укуктук жана коопсуздукка жумшалган каражаттын көлөмү 2010-жылы 8,2 миллиард сом болчу. Биз акыркы эки жылда 83,4 миллиард сом жумшадык - 2021-жылы 31,2 миллиард, 2022-жылы 52,2 миллиард".
Жапаров жаңы Аскердик доктринанын долбоору Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоого, армияны күчтөндүрүүгө көмөк болорун жана өлкө бардык коңшулар менен коопсуздук жаатында кызматташууга умтуларын айтты.
Бүгүн 13-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, бир катар чечимдер кабыл алынды. Алардын бири – Куралдуу күчтөрдү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган жаңы Аскердик доктрина. (BTo)