Тажикстандан тарыхый журтуна келгендердин үмүтү
Соңку кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылыштан кийин Тажикстандын Согди облусуна караштуу Жийделик айылынан жер которгон кыргыздар үй-жай маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылды. Алар соңку чек ара чатактарынан соң үй-жайын, мал-мүлкүн, тапкан-ташыганын коңшу өлкөдө калтырып, жер которууга мажбур болгон.