Песков Путин кырдаалга байланыштуу билдирүү жасай турганын айтты
![Песков Путин кырдаалга байланыштуу билдирүү жасай турганын айтты](https://gdb.rferl.org/98bace72-cb81-465e-a893-44fad95c1088_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Орусиянын президенти Владимир Путин кырдаалга байланыштуу билдирүү менен чыгарын анын маалымат катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине билдирди. Маалыматка ылайык, президент Путин жакынкы убакытта телекайрылуу жасайт.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлиги "вагнерчилерди" "акылга келүүгө" чакырган кайрылуу таратты. Анда аскерлерди жайгашкан ордуларына кайтып келүүнү, коопсуздугу сакталарына кепилдик берилери жазылган.
Жума күнү Пригожин өзүнүн Телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген. Бул үчүн орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.
Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети мындан кийин “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.