Сокулуктагы бала бакчанын имараты балдарга кайтарылды
![Сокулуктагы бала бакчанын имараты балдарга кайтарылды](https://gdb.rferl.org/C0D65FFF-4D41-4CB0-8F3F-97B948BAE55A_w800_h450.jpg)
Сокулук райондук прокуратурасынын доо арызынын негизинде райондогу бала бакчанын имараты, жери менен кайтарылып алынды.
Башкы прокуратура маалымдагандай, аталган бала бакчанын эки кабат имараты 2004-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Социалдык Фонддун райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Соцфонддун райондук башкармалыгы аны административдик имарат катары колдонуп келген.
Имараттын баасы — 10 млн. 120 миң сом.
Сокулук райондук прокуратурасынын аталган бала бакчанын имаратын кайтаруу жөнүндө сотко кайрылган доо арызы толугу менен канааттандырылды.
Мындан ары аталган имарат баштапкы багыты - бала бакча катары пайдаланылат.
Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 24-апрелде билдиргени боюнча, өлкөдө 1 млн. 200 миң баланын 76% (900 миң бала) бала бакчага барбайт.(ZKo)