Бишкекте Курман айт намазы окулду
Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Курман айт намазы окулду. Мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кыргызстандыктарды бул күн менен куттуктап, өлкөдө тынчтык, бейпилдик, ынтымак жана береке болушун каалады.
Айт намазга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана ошондой эле шаар тургундары катышты.
Курман айт намазы Ош шаарында да окулду.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктап, бул күндө жарандарды "муктаж адамдардын кубанычына себепчи болууга" чакырды. "Ислам дининин баалуулуктары кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарына шайкеш келип, элибиздин руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болууда" деп айтылат куттуктоодо.
Садыр Жапаров "ар кыл этностордон жана конфессиялардан турган ырыскылуу Кыргыз элинин биримдиги чыңдалып, бата-тилектер кабыл болушун", өлкөнүн "өнүгүшүнө багытталган бардык ой-максаттар орундалышын" каалаган.
Президент бул күнү Чолпон-Ата шаарындагы мечитте Курман айт намазына катышты.
Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт быйыл 21-апрелде белгиленген.
Быйылкы ажылык сапар 12-июнда башталды. Муфтият Кыргызстандан он аба каттам болорун, анын жетөө Ош шаарынан учарын кабарлаган. Кыргызстандыктарды ташый турган болгон Jazeera авиакомпаниясынын акыркы каттамы 21-июнда учту.
Ажылык сапардын баасы быйыл 3900 доллар болуп, Сауд Арабиясындагы Мекке шаарына 6110 орун бөлүнгөн.
Ислам - Кыргызстандагы калктын көпчүлүгүнүн туткан дини.