Үч-Коргондо ашар жолу менен таза суу тартылууда
Баткен облусунун 38 миңдей калк жашаган Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары жарым миллион (500 миң) сомдой каражат топтоп, ашар жолу менен ичүүчү суу маселесин чечүүдө.
Жергиликтүү бийлик уюштуруу иштерине гана колдоо көрсөтүүдө, калган жумуштар баары элдин өз демилгеси менен ишке ашып жатканын айыл аймактын башчысы Махмуд Токторов билдирди.
Эл өз демилгеси менен топтогон каражатка суу куурларын сатып алып, казуу, кураштыруу жумуштарын ашар жолу менен жасап жатат.
Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов Жогорку Кеңештин тармактык коммитетинин 20-июндагы жыйынында билдирген.
Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476 айылда суу куурларынын эскилиги жеткени үчүн 2026-жылга чейин элетти таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынганы айтылган. (JsA)