"Бактылуу мүнөттөрдү тарткым келет"
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-ceb2-08db7eef6670_tv_w800_h450.jpg)
58 жаштагы сүрөтчү Доктурбек Кысамединов тогуз жашында токко урунуп оң колунан ажырап калган. Анын кейиштүү тагдыры сүрөтчүлүк өнөрүн аксаткан эмес. Ал живопись, графика жана скульптура багытындагы ондогон эмгектердин автору.